Башка эч нерсе башыма келбей турат. Аны менен катар эле көпчүлүгүбүз ар кандай профсоюздардын мүчөсү экенбиз, анын ичинде мен да бармын. Мен көп пайдалуу нерселерди таптым, аны менен бөлүшүүнү туура көрдүм.
2004-жылдын 4-августундагы N 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык профсоюздарга төмөнкүдөй аныктама берилген: өз мүчөлөрүнүн эмгектик жана социалдык-экономикалык укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо үчүн түзүлүп, өндүрүштүк да, ошондой эле өндүрүштүк эмес да чөйрөлөрдөгү ишинин түрү боюнча кызыкчылыктардын жалпылыгынын негизиндеги жарандардын ыктыярдуу коомдук бирикмелери.
Кыргыз мыйзамдарына ылайык, он төрт жаш курагына толгон (ушул жерден менде суроо пайда болду: “Бизде 14 жаштагы өспүрүмдөр иштөөгө укугу барбы?!”) жана эмгектик ишин жүзөгө ашырган же окуу жайында окуган ар бир жаран, ошого тете пенсионерлер өздөрүнүн тандоосу боюнча ыктыярдуу кесиптик бирликтерди түзүүгө, ошондой эле алардын уставдарын сактаган шартта кесиптик бирликтерге кирүүгө укуктуу.
Профсоюздар менчигинин түрүнө карабастан, үч жана андан ашык киши иштеген ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда түзүлөт. Кесиптик бирликтердин чогулуштарында (конференцияларда) шайлануучу комитеттер же кесиптик бирликтердин уюштуруучулары алардын өкүлчүлүк органдары болуп саналат.
КРнын мыйзамдарына ылайык, профсоюздар өз ишинде көз карандысыз жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына гана баш иет. Алар мамлекеттик бийлик органдарына, жумуш берүүчүлөргө, саясий партияларга жана башка коомдук уюмдарга отчет бербейт жана алар тарабынан контролдонбойт. Эгерде мыйзам тарабынан башкача каралбаса, кесиптик бирликтердин укуктарын чектей же алардын уставдык ишин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кыла турган ар кандай кийлигишүүлөргө тыюу салынат.
Биринчиден профсоюздар өз мүчөлөрүнүн эмгекке болгон укуктарын коргойт, иш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга катышат, жарандардын иш менен камсыз болушуна жана Кыргыз Республикасынын эмгек жана иш менен камсыз кылуу жөнүндө мыйзамдарынын сакталышына коомдук контролду жүзөгө ашырат. Ишканалардан иштен бошотулган адамдарды жамааттык келишим, макулдашуу тарабынан мыйзамдардын негизинде аныкталуучу социалдык жактан коргоо чараларын сунуш кылат.
Экинчиден, ишкананын жана анын түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн менчигинин түрүн өзгөртүү, аны жоюу, кайра уюштуруу, жумуш берүүчүнүн, менчик ээсинин же ал тарабынан ыйгарым укук берилген башкаруу органынын демилгеси боюнча жумушчу орундарынын кыскарышына же эмгек шарттарынын төмөндөшүнө алып келе турган өндүрүштүн толук же жарым-жартылай токтошу тиешелүү кесиптик бирликтерге үч айдан кечиктирилбестен алдын ала кабарланган жана алар менен кызматкерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын сактоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн шартта гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн;
Үчүнчүдөн, профсоюздун талабы менен эгерде менчигинин түрү мамлекеттик эмес ишкананын жумуш берүүчүсү же кызмат адамы тарабынан эмгек жөнүндө мыйзамды бузууга, кызматкердин эмгектик укуктарын кысмакка алууга жол берилсе, анда кесиптик бирлик органынын талабы боюнча ал ээлеген кызматынан 6 айга чейинки мөөнөткө четтетилиши мүмкүн;
4, профсоюздар республикалык аймактык бирикмелери жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдары өз компетенциясынын чегинде эмгекчилерди социалдык жана экономикалык жактан коргоо чараларын иштеп чыгууга, калктын жашоо деңгээлинин негизги чен-өлчөмдөрүн, компенсациялардын өлчөмдөрүн баалардын индексинин өзгөрүшүнө жараша аныктоого катышат, мыйзам тарабынан белгиленген жашоо минимумун жана пенсиялардын, стипендиялардын, пособиелердин өлчөмдөрүнүн сакталышын контролдоону жүзөгө ашырат, жарандардын социалдык укуктарын бузгандарга карата сотко доо арызы менен кайрылууга укуктуу.
5, профсоюздар каражаттарды башкарууда катышып, жарандардын эмгек акысынын шарттары жана аны төлөө, эмгекти коргоо жана өндүрүштөгү коопсуздук, турак жай шарттары, социалдык камсыздандыруу, эмгекчилердин ден соолугун жана маданий кызыкчылыктарын коргоо, пенсия менен камсыз кылуу жаатындагы укуктарын коргоо боюнча укуктары Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары тарабынан жөнгө салынат.
6, Профсоюздар миграция, калкты иш менен камсыз кылуу, эмгек, баа түзүү жана социалдык жактан камсыз кылуу маселелери боюнча мамлекеттер аралык макулдашууларды түзүүгө катышууга укуктуу.
7, Профсоюздар өзүнүн уставдык ишин жүргүзүү үчүн жумуш берүүчүдөн, ошондой эле мамлекеттик органдардан эмгек жана социалдык-экономикалык өнүгүү менен байланышкан маселелер боюнча маалыматтарды акысыз жана тоскоолсуз алууга укуктуу. Профсоюздардын өкүлдөрү кесиптик бирликтин мүчөлөрү иштеген ишканаларга жана жумуш орундарына өздөрүнүн уставдык милдеттерин аткаруу жана укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн тоскоолсуз кирүүгө укуктуу.
8, профсоюздар сотто өз мүчөлөрүнүн мыйзамдуу укуктарына жана кызыкчылыктарына сот өндүрүшүнүн ар кандай стадиясында өкүл болууга укуктуу.
9, профсоюздар өздөрүнүн уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мыйзамдар тарабынан белгиленген тартипте кесиптик бирдиктердин банктарын, камсыздандыруу, маданий-агартуу жана башка фонддорун түзүүгө, ошондой эле тышкы экономикалык, санаторийлик-курорттук, туристтик жана спорттук ишти жүзөгө ашырууга укуктуу.
Эгер мен профсоюздун мүчөсү болсом, менин төмөнкүдөй укуктарым бар:
- жумуш берүүчүдөн, ошондой эле мамлекеттик органдардан эмгек жана социалдык-экономикалык өнүгүү менен байланышкан маселелер боюнча маалыматтарды акысыз жана тоскоолсуз алууга укуктуу.
Керек болгон учурда профсоюздар жумуш берүүчү менен болгон талаш маселелерди чечүүгө жардам берет;
–эмгек акынын төлөнүшүндө, анын өлчөмүн аныктоодо, аны төлөө мөөнөтү боюнча профсоюздар колдоо көрсөтөт;
- жумуш берүүчү мыйзамсыз иштен кетирген учурда же башка пикир келишпестиктер болгондо сотко чейин же соттук териштирүүдө бекер юридикалык жардам берилет;
–жумуш шарттарын жакшыртууда кызыкчылыктарды коргоо – укуктарымды түшүндүрүү, иш учурунда болгон бөөдө кырсыктар учурунда, ооруп калганда менин укуктарымды коргоо; оор жашоо шарттарында финансылык жардам көрсөтүү;
- Кырсык болгон учурда мени жана үй-бүлө мүчөлөрүмдү камсыздандыруу;
–Курорттордо жана санаторияларда жеңилдик менен дарыланууда, жолдомо алууда жардам берүү;
–профсоюздардын спорттук жана маданий мекемелерин бекер колдонууга укугум бар.
Жалпылап айтканда, профсоюздун мүчөсү болуу менен мен колдоо алам, кудай сактасын бирок бөөдө кырсык болсо жумуш берүүчү менен мен жалгыз калбайм.
С.Молдогазиева