• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Примов жеке компаниялардын эсебинен сыртка чыгууга тыюу салууну сунуштады

2

👁 554

Парламенттин 17-майдагы жыйынында ЖЭБ маселесин иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы, КСДП фракциясынын мүчөсү Улан Примов жеке компаниялардын эсебинен аткаминер, депутаттардын чет мамлекеттерге барышына тыюу салуу демилгесин көтөрдү:
- Кытай Кыргызстан эгемендик алгандан тартып ар тараптан жардам берип келет. Өлкөнүн тышкы инвестициясынын басымдуу бөлүгүн Кытай ээлейт. Биз эки элдин ортосундагы мамиле мындан ары да жылуу жана достукта болоруна ишенебиз. Бирок ар бир мамлекет өз мүмкүнчүлүгүнө жараша өзүнүн тышкы жана ички карыздарын көзөмөлдөп, талдап турушу зарыл. Азыртан тышкы карызды төлөө аракетин көрүшүбүз керек. Мындай чоң кредиттерди алууда сөзсүз кетирген кемчиликтерди эске алуу менен компаниялардын ишине көз салып, акча туура пайдаланылып жатабы же кимдир бирөөлөрдүн жеке кызыкчылыгына сарпталып жатабы, аларды тыкыр текшерип, коомчулукка тааныштырып турууга тийишпиз. Ошондой эле депутат, министр, мамлекеттик кызматкерлердин жеке компаниялардын эсебинен сыртка чыгышына мамлекеттик деңгээлде тыюу салыш керек.

Депутаттык комиссиянын иликтөөсүндө ЖЭБди модернизациялоо тууралуу Кытай менен келишим парламенттен ратификация болгонго чейин ТВЕА компаниясынын ишмердиги менен таанышуу үчүн депутаттардын ар башка эки тобу Кытайга бир сыйра барып келгени аныкталган. Мындан сырткары өкмөттүн жана министрликтердин өкүлдөрү да келишимдин шарттарын макулдашуу максатында барганы белгилүү болгон.

Буга чейин парламенттеги талкуу учурунда Кытайга иш сапар менен барган депутаттар тобуна да баа берүү сунушу айтылган.

ЖЭБди модернизациялоого Кытайдын «Эксимбанкынан» 386 миллион доллар насыя алынган. Модернизациялоо ишин кытайлык ТBЕА компаниясы жүргүзгөн.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости