Маалыматка ылайык, аталган мыйзам Конституцияга шайкеш келтирүү, мыйзамдарды өркүндөтүү жана мыйзамдардагы карама-каршылыктарды, ошондой эле кемчиликтерди жоюу максатында иштелип чыкты. Ал ЖК тарабынан 2018-жылдын 19-апрелинде кабыл алынган.
Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму, аталган коргонуу боюнча комиссиясы, жарандык коргонуунун күчтөрү, аскерлери, түзүмдөрү, согуш мезгилиндеги Жарандык коргонуу боюнча түшүнүктөргө өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.
Ошондой эле мыйзамдардагы кемчиликтерди жоюу максатындажарандык коргонуунун каражаттары, өзгөчө кырдаалдын аймагындагы калктын турмуш-тиричилигин камсыздоо, башкаруу органдары, кырсыктар, анын тобокелдиги жана аны азайтуу, өзгөчө кырдаалдардын мониторинги жана божомолдоо сыяктуу кошумча жаңы негизги түшүнүктөр киргизилүүдө.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.