• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Президент Таировго экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүүнү күчөтүүсүн тапшырды

3

👁 769

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-майда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Бакир Таировду кабыл алды.

Жолугушууда мамлекет башчы бардык багыттар боюнча ыкчам иштин көрсөткүчтөрү төмөндөгөнүн белгилеп, өзгөчө өлкөнүн аймактарында коррупциялык жана экономикалык кылмыштарды ачуу боюнча жумушту күчөтүү зарылдыгына көңүл бурду.

«Тажрыйбанын жоктугу же кесипкөйлүктүн төмөндүгү тергөө иштерин өз убагында жана сапаттуу деңгээлде жүргүзүүгө тоскоол болууда. Дал ушул кесипкөйлүк жактан финансы полициясынын кызматкерлерине ишкерлер тарабынан нааразычылыктар болууда», — деди президент.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Бакир Таиров учурда финансы полициясы органдарында, өзгөчө өлкөнүн аймактарында ишкерлер чөйрөсүнүн пикирин эске алуу менен кадрдык өзгөрүүлөр болуп жатканын билдирди.

Мамлекет башчы финансы полициясы органдары тарабынан келтирилген зыяндын ордун толуктоо боюнча көрсөткүчтөрдүн төмөн экендигине токтолуп, бул иш кызматтын негизги милдетинин бири экенин эске салды.

Жээнбеков ошондой эле Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан бардык багыттар боюнча ишти активдештирип, экономикалык жана кызматтык кылмыштарды, ошондой эле коррупцияга, мамлекеттик же муниципалдык менчикти уурдоого, товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз ташып чыгууга жана мыйзамсыз кумар оюн ишмердигин жүргүзүүгө байланыштуу кылмыштарды аныктоо, аларга бөгөт коюу боюнча ишти жогорулатууну талап кылды.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости