Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-майда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Бакир Таировду кабыл алды.
Жолугушууда мамлекет башчы бардык багыттар боюнча ыкчам иштин көрсөткүчтөрү төмөндөгөнүн белгилеп, өзгөчө өлкөнүн аймактарында коррупциялык жана экономикалык кылмыштарды ачуу боюнча жумушту күчөтүү зарылдыгына көңүл бурду.
«Тажрыйбанын жоктугу же кесипкөйлүктүн төмөндүгү тергөө иштерин өз убагында жана сапаттуу деңгээлде жүргүзүүгө тоскоол болууда. Дал ушул кесипкөйлүк жактан финансы полициясынын кызматкерлерине ишкерлер тарабынан нааразычылыктар болууда», — деди президент.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Бакир Таиров учурда финансы полициясы органдарында, өзгөчө өлкөнүн аймактарында ишкерлер чөйрөсүнүн пикирин эске алуу менен кадрдык өзгөрүүлөр болуп жатканын билдирди.
Мамлекет башчы финансы полициясы органдары тарабынан келтирилген зыяндын ордун толуктоо боюнча көрсөткүчтөрдүн төмөн экендигине токтолуп, бул иш кызматтын негизги милдетинин бири экенин эске салды.
Жээнбеков ошондой эле Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан бардык багыттар боюнча ишти активдештирип, экономикалык жана кызматтык кылмыштарды, ошондой эле коррупцияга, мамлекеттик же муниципалдык менчикти уурдоого, товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз ташып чыгууга жана мыйзамсыз кумар оюн ишмердигин жүргүзүүгө байланыштуу кылмыштарды аныктоо, аларга бөгөт коюу боюнча ишти жогорулатууну талап кылды.