• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Президент Сооронбай Жээнбеков Швейцариянын Улуттук банкынын төрагасы Томас Йорданды кабыл алды

dos_3991

👁 605

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-майда Кыргызстанга улуттук валютанын 25 жылдыгына арналган өлкөнүн Улуттук банкы тарабынан уюштурулган иш-чараларга катышуу үчүн келген Швейцариянын Улуттук банкынын төрагасы Томас Йорданды кабыл алды.

Мамлекет башчысы эл аралык конференциянын катышуучуларынын жогорку деңгээлин белгилеп, ал жемиштүү болооруна ишенимин билдирди.

“Биз Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы кызматташтыкты жогору баалайбыз. 25 жылдан ашуун өлкөнүн Улуттук банкына жана банк системасына көрсөтүлүп жаткан консультациялык, техникалык жана каржылык жардам үчүн
ыраазычылык билдирем. Бул жардам абдан натыйжалуу”, — деп белгиледи Президент жана Томас Йордандын өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө кошкон жеке салымын да белгилеп өттү.

Швейцариянын Улуттук банкынын төрагасы Томас Йордан Швейцария Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү экенин баса белгилеп, улуттук валюта – сомдун 25 жылдыгы менен куттуктап, анын Борбор Азия аймагындагы эң туруктуу валюта экендигин кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан үчүн Европалык өнөктөштөрдүн көрсөтүп жактан колдоосу абдан маанилүү экенин белгилеп, эң жогорку деңгээлдеги дагы, мамлекеттик органдардын деңгээлинде дагы мындан аркы жемиштүү кызматташтыкка ишенимин билдирди.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов жана Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Вероника Ульман катышты.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости