Мамлекет башчысы эл аралык конференциянын катышуучуларынын жогорку деңгээлин белгилеп, ал жемиштүү болооруна ишенимин билдирди.
ыраазычылык билдирем. Бул жардам абдан натыйжалуу”, — деп белгиледи Президент жана Томас Йордандын өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө кошкон жеке салымын да белгилеп өттү.
Швейцариянын Улуттук банкынын төрагасы Томас Йордан Швейцария Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү экенин баса белгилеп, улуттук валюта – сомдун 25 жылдыгы менен куттуктап, анын Борбор Азия аймагындагы эң туруктуу валюта экендигин кошумчалады.
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов жана Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Вероника Ульман катышты.