• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Президент Сооронбай Жээнбеков: Менин милдетим – түрдүү саясый топтордун кызыкчылыгын канааттандыруу эмес, элге берген убадаларды аткаруу

36286

👁 902

Түрдүү саясый күчтөр ар качан президенттик бийликти өз кызыкчылыгына пайдаланууга умтулушчу. Бирок менин милдетим – түрдүү саясый топтордун кызыкчылыгын канааттандыруу эмес, элге берген убадаларымды аткаруу. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  6-мартта басма сөз өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди.

Жолугушууга республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери, Кыргызстанда аккредитацияланган чет элдик басма сөз кабарчылары чакырылган.

Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган мезгилден берки аткарган иштерине токтолду. Россияга, Өзбекстанга, Казакстанга жана Тажикстанга жасаган чет элдик визиттери тууралуу айтып берип, коррупцияга каршы күрөш жарыялагандыгынын максаты жана өлкөнүн региондорун өнүктүрүү боюнча Жарлыгын ишке ашырууга токтолду.

Региондорду өнүктүрүү тууралуу Жарлыгы боюнча айтып келип, Президент бул документ Өкмөттүн өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө багытталган көптөгөн программаларын ишке ашырууга инструмент болуп кызмат кылаарын баса белгиледи. Жарлыкка кол коёрдо региондорду каржылоодогу дисбалансты жоюуга жана жумушчу орундарды түзүү аркылуу миграцияны кыскартууну максат кылгандыгын кошумчалады.
Президент укук коргоо, сот жана көзөмөлдөөчү органдардын ишине баа берген 2018-жылдын 8-февралындагы Коопсуздук кеңешинин жыйынындагы теманы улантып, коррупцияга каршы күрөш туурасында өзүнчө кеп кылып берди. Журналисттердин көпчүлүк суроолору дагы ушул багытта болду. Ал суроолорго жооп берип жатып Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштө кыргызстандыктардын, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарынын колдоосуна таянаарын баса белгиледи.

Тактап айтканда, коррупцияга каршы күрөшүү, мүмкүн болчу кадрдык өзгөрүүлөр, сөз эркиндиги жана журналисттерге карата сот процесстери, кен байлыктарын иштетүү, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшү, эл аралык мамилелер жана Сооронбай Жээнбековдун Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматында алдыдагы пландары жөнүндө маселелер камтылды.

Президент Сооронбай Жээнбеков жолугушууну аяктап жатып жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилерин өз ишин аткарууда мамлекетти колдоого чакырды. Өз кезегинде Президенттик ишмердигинде ачык болууга убада берип, басма сөз өлкөнү өнүктүрүүдө, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоодо зор роль ойноорун белгилеп өттү.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости