• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Президент Сооронбай Жээнбеков: Чек арада кызмат өтөө — жооптуу жана абдан татаал милдет

👁 440

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-майда чек арачыларды кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын Чек арачынын күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү:

«Урматтуу чек арачылар!

Кымбаттуу чек ара кызматынын ардагерлери!

Сиздерди Чек арачынын күнү — Ата Мекендин чектеринде күнү-түнү кызмат өтөгөндөрдүн кесиптик майрамы менен куттуктайм!

Мамлекеттик чек ара жана анын бекем кайтарылышы өлкөнүн көз карандысыздыгынын негизги элементтеринин бири.

Эгемендик жылдарында Кыргызстандын чек ара ведомствосу жакшы тарыхый салттарды өзүнө сиңирип, жаңы, Мекенге болгон сүйүү жана аскердик милдет сезимдерине негизделген салттарды калыптандыра алды.

Бүгүн биз чек арачы жоокерлерди офицерлерди куттуктап, ардагерлерге сый-урмат көрсөтүп, ыктыярдуу элдик кошуундарга жана чек арачы ыйгарым укуктуу өкүлдөргө ыраазычылык сөздөрүбүздү айтабыз.

Чек арада кызмат өтөө –жооптуу жана абдан татаал милдет. Дал ушул жерде мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарды, аймактык бүтүндүгүн коргоп калуу, өз жарандарын учурдун ар кандай чакырыктары менен коркунучтарынан сактап калуу жөндөмдүүлүгү текшерилет. Чек ара өлкөнүн чыныгы мекенчил азаматтарынын эркин чыңап, курчутат. Мамлекеттик чек араны коргоо ишине бүт өмүрүн арнаган адамдар эрдиктин, Мекен алдындагы өз милдетине бек туруу, абийирдүүлүктүн жана айкөлдүктүн үлгүсүн көрсөтүшүүдө.

Мамлекеттик чек ара кызматы калыптануунун жаңы стадиясына — кесипкөйлүктү, ыкчамдыкты жана мобилдүүлүктү жогорулатуу, Кыргызстан элинин ишенимине жана урматтоосуна ээ болуу стадиясына киришти.

Мындан ары да кошуна өлкөлөр менен да, эл аралык интеграциялык бирикмелердин алкактарында да теңчилик, өз ара ишеним жана урматтоо принциптирине ылайык кызматташууну өнүктүрүү жана чек араны коргоонун жаңы формаларын киргизип, материалдык-техникалык каражаттарды жакшыртууга басым жасоо зарыл.

Кыргызстан ишкер кызматташтык жана чек арадагы достук байланыштарды өнүктүрүү үчүн ачык болушу керек жана өлкө чеги эл аралык терроризмден, экстремизмден, баңги трафиктеринен жана контрабандадан ишенимдүү корголууга тийиш.

Сиздерге жана жакындарыңыздарга бекем ден соолук, бак-таалай, бакубатчылык жана татаал, бирок, Кыргызстандын жыргалчылыгына арналган кызматыңыздарда жаңы жетишкендиктерди каалайм.»

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости