Жарлыкка ылайык, өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин премьер-министр, вице-премьер-министрлер жана башка өкмөт мүчөлөү ээлеген кызматына ылайык, милдеттерин аткарууну улантышат.
Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.
Кийин парламент депутаттары өкмөт башчы Сапар Исаковго ишеним көрсөтпөө боюнча тармактык комитеттин чечимин колдошту. Анын отставкасы үчүн 101 депутат макул, 5 эл өкүлү каршы болду.
Сапар Исаков өкмөт башчылыкка 2017-жылдын 25-августунда дайындалган.