Жээнбеков Исаковдон Бишкек жылуулук борборунун ишинин үзгүлтүккө учурашын тыкыр иликтөөнү, шаардыктарды жылуулуксуз калтыргандарды жоопко тартуу керектигин талап кылды.
Муну менен катар, ТЭЦтеги абалды өз көзөмөлүнө алганын, энергетика тармагындагы маселени комплекстүү чечүү керектигин кошумчалады.
Өлкө башчы, андан сырткары, оорукана, бала бакчалар, мектеп жана башка социалдык объектилерди жылуулук менен туруктуу камсыздоо керектигин баса белгиледи.
Ошондой эле бардык коммуналдык кызматтар бирдиктүү иштеши керектигин айтып, бул сыноодон татыктуу чыгуу керектигин кошумчалады.