• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Премьер-министр Сапар Исаков Айыл чарба министрлигинин жетекчилигинин дарегине айтылган сынга байланыштуу позициясын билдирди

99

👁 763

Премьер-министр Сапар Исаков 19-январдагы жыйында КСДП парламенттик фракциясынын бир катар депутаттарынын Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин жетекчилигинин дарегине айтылган сын-пикирине байланыштуу позициясын билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинде жана жалпы агрардык сектордо реформалар башталган. Алар Министрликтин функцияларын кайрадан карап чыгууга, «Таза Коом» программасынын алкагында алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле фермерлердин иштөө шартын: экспорттук мүмкүндүктү жогорулатууга, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыгын жана алардын жаңы рынокторго чыгуу жөндөмдүүлүгүн арттырууга тийиштүү болуп саналат. Натыйжалуу айыл чарба кооперативдерин түзүүгө чоң күч жумшалууда.

«Дүйнөлүк агрардык экономикага интеграциялашуу үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү айыл чарба продукциясын өндүрүүгө жетишүү зарыл. Ал үчүн өндүрүлгөн продукция арзан түшүп, ал эми сапаты жана эмгек өндүрүмдүүлүгү жогору болушу кажет. Бул көрсөткүчтөргө өндүрүлгөн продукцияны кайра иштетүүнү, ташууну жана сатууну уюштуруу, заманбап техника жана жабдууларды киргизүү, инвестициялар менен иш алып баруучу өндүрүштүк жана керек-жарак кооперативдерди түзүү жана алардын ортосундагы кооперациялык байланыштарды уюштуруу аркылуу жетишүүгө болот.

Бул фермерлердин иштөөсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдөгү бирден-бир мыкты дүйнөлүк тажрыйба болуп саналат», – деди Сапар Исаков.

Премьер-министр кошумчалагандай, ар-тараптуу функционалдык талдоодон соң, мамлекеттик аппаратты, анын ичинде КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинде да кыскартуу боюнча ойлонулган жана негиздүү чечим кабыл алынат.

Ошондой эле Сапар Исаковдун айтымында, агрардык секторго инвестицияларды тартуу боюнча жигердүү иш башталды, анын катарына логистикалык хабдарды, ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды куруу кирет. Азыркы тапта өлкөдө төрт жаңы ветеринардык лаборатория курулуп, кошумча 12 ветеринардык лабораториялар толугу менен реконструкцияланды, эки фитосанитардык лабораториялар боюнча реконструкциялык иштер жыйынтыкталган, биринде жумуштар аткарылууда; ЕАЭБ, ошондой эле Россия-Кыргыз Фондунун алкагында агрардык сектордогу чакан жана орто бизнести насыялоо боюнча чоң жумуш жасалган.

Ошол эле учурда Премьер-министр белгилегендей, депутаттар тарабынан айтылган көйгөйлөрдүн көбү чындыгында орун алууда.

«Агрардык секторду өнүктүрүү иштери боюнча көп жылдардан бери топтолгон чоң кемчиликтер бар экенине макулбуз. Өкмөт тийиштүү мамлекеттик органдардын ишин жакшыртуу боюнча депутаттар тараптан түшкөн сунуштар үчүн ачык жана кызыкдар тараптар менен тийиштүү консультацияларды өткөрүүгө даяр. Буга байланыштуу конкреттүү сунуштарды алууну каалайт элек», – деп жыйынтыктады Сапар Исаков.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости