Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 4-майда, «Акылдуу шаар», «Түндүк» жана «Электрондук документ жүгүртүү» долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулоо үчүн жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Анын айтымында, учурда элде жогоруда көрсөтүлгөн долбоорлордун мааниси жана анын иштөө механизмдери тууралуу так түшүнүк жок. Бул долбоорлордун негизги милдети өлкө жарандарынын коопсуздугун жогорулатуу, кабыл алынган чечимдердин ачык-айкындыгын камсыздоо жана коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүү болуп саналат.
Отурумда Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев «Түндүк» жана «Электрондук документ жүгүртүү» долбоорун ишке киргизүү боюнча маалымат берди.
Анын айтымында, учурда 46 мамлекеттик органдын 12синде электрондук документ жүгүртүүнүн ар-кыл түрү пайдаланылат. Бешөөндө документтерди аткарууну көзөмөлдөөнүн автоматтык тутуму пайдаланылат. Ал эми 29унда документ жүгүртүү боюнча автоматташтыруу орун алган эмес.
Жыйынтыгында, өкмөт башчы жарандарды тейлөөнү жеңилдетүү керектигин билдирди. Ошондой эле долбоорлорду ишке ашырууда калктын жана чиновниктердин ортосундагы байланыш дээрлик жоюлуп, тигил же бул маалымдама алуу үчүн пара берүү мүмкүндүгү четтетилиши керектигин баса белгиледи.