Учурда кыргызстандыктарда карточка менен пайдаланууга мүмкүнчүлүктөр көп. Банктар болсо банкоматтардын жана POS-терминалдардын санын көбөйтүүгө аракет кылышууда. Бирок, бизде төлөм карталарын колдонуу өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй эмес.
Биздикилер болсо дагы деле акчалай төлөөгө көнүшкөн. Анын үстүнө накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуучу жайлар деле жакшы иштебей келет. Мисалы, китептерди саткан Раритет дүкөнүндө коптөн бери эле РСК банктын POS-терминалы турат. Ал жактан Алай Кард менен төлөм жүргүзсө болот, бирок ал дайыма эле иштей бербейт (“бүгүн байланыш начар”), ал эми дүкөндүн сатуучулары азыркыга чейин POS-терминал менен иштегенди билишпейт. Ал эми Труссарди деп аталган таттуларды саткан дүкөндө болсо көздөрүн көк кылып боеп алган эжекелер Элкарт карточкасын кабыл алуудан баш тартышты. Анын себеби белгисиз бойдон калды…
Акыркы 2 жылда уюлдук телефондордогу тиркемелер арылуу төлөм жүргүзүү өнүгүүдө. Колдонуучулар тиркемелер аркылуу билет сатып алып, тамак буйрутма кылып, коммуналдык төлөмдөрдү дагы төлөй алышат. Маршруткада жол кирени дагы төлөгүдөй кылып койсо жакшы болмок…
Ошондой эле QR код (Quick Response Code — тез реакиця кылуучу код) бар. Анда штрих код аркылуу маалыматтар окулат. Аны кайда ойлоп табышкан? Албетте Японияда.
Ал эми жогорку технологиялар кылымы колдонуучуларды бир топ жалкоо кылып койгондой. Алар аз кыймылдап көп жумуш бутүрө алышат.