Эксперименттин экинчи жумасы бүттү.
Ачка болуу кадимки көрүнүш болуп калганда өзүң үчүн башка маанилүү нерселерди таба баштайт экенсиң. Пенсияга жашап жатып сиз маданий-көңүл ачуучу иш-чаралар тууралуу унутуп койсоңуздар болот.
Башка өлкөлөрдүн пенсионерлерин карай турган болсок, алар пенсия курагын эс алуу катары кабыл алышат. Алар өмүр бою иштеп саякаттоого, спорт менен алек болууга, тил үйрөнүүгө, экинчи, үчүнчү жогорку билим алууга убакыт таппай келишсе, пенсия курагында мунун баарынын учуру келди деп санашат.
Жада калса шаар ичинде дагы пенсионерлер аларга ылайыктуу көңүл ачуучу программалары бар жайларды таба алышпайт. Айрымдары “Ой элестет. Бул пенсионерлер эмне үйдө отура албай калышты беле” деп мыйыгынан күлүшү мүмкүн (биздин бийлик дагы дал ушундай ойлонуп, пенсия чегерет окшойт).
Жашы келип калган адам үчүн өзүн коомчулуктун толук кандуу мүчөсү катары саноосу канчалык маанилүү экенин билесиңерби?!
Жалгыз адамга баарлашуу өтө маанилүү. Күнүмдүк жашоодон сырткары жан дили менен эс алуу дагы абдан маанилүү.
Эксперимент учурунда мен тоолор жана эс алуу тууралуу унутуп калдым. Тоого баруу үчүн мага 500 сом жетмек (жол кире 250⁄300+тамак аш 200⁄250).
Эксперименттин айынан мен киного, театрга барбай элемин. Досторум кофе ичип келүүнү, алардын эсебинен киного барууну же бир бокал вино ичип жан дилибизден сүйлөшүүбүз керек экенин айтышууда, бирок мен баш тартуудамын.
Экспериментке чейин мен манаптардай эле жашаганымды түшүндүм: кофе сатуучу жайлардан чай, кофе иччүмүн, спектаклдерге барчумун, опера жана балеттерге барчумун, кино көрүп, эс алуу күндөрү тоого чыкчумун.
Азыр кимдир бирөө мыйыгынан күлүп жатса керек, бирок мүмкүнчүлүктү кадимки көрүнүштөй кабыл алып, пенсионердин ченеми боюнча өтө жакшы жашап жатканыңызды билбейсиз.
Мага эмнеге чет жактагы пенсионерлер биздикине караганда жакшы жашары кызык болду. Чын айтам так маалымат табуу өтө кыйын болду, анткени ар бир мамлекетте өзүнүн эсептөө системасы бар.
Мисалы, жашоо үчүн керек болгон азыктар тууралуу так баасы менен жазылган бир дагы маалымат таба албадым. Ошондуктан таблицада көрсөтүлгөн болжолдуу жашоо минимуму менен кошо пенсиянын көлөмүн араң жазып чыктым. Эгерде сиздерде башка өлкөлөрдөгү пенсионерлердин пенсиясынын көлөмү тууралуу жана азык-түлүк баалары боюнча так маалымат болсо бөлүшүп койсоңуздар өтө ыраазы болом.
Чет жактагы пенсионерлердин абалы тууралуу бир топ макалаларды окуп чыгып көпчүлүк эле өлкөлөрдө пенсионерлер өздөрүн коомчулуктан бөлүнүп калгандай сезерин түшүндүм. Бардык эле жактарда толук кандуу жашоо үчүн акча жетпейт экен, бирок иштеп жаткан бизде деле акча дайыма тартыш болуп, маяна жетпей эле келет го.
Мен жыл айларынын алмашуусу менен мамлекет жашоо минимумун өзгөртүп туруусу керек экенин түшүндүм (кышында – коммуналдык төлөмдөргө, жылытууга көп каражат чыгат жана азык-түлүк кымбат болот), минимумга дарыларды жана медицинаны киргизүү зарыл (анткени бул психологиялык жактан маанилүү), аны менен катар эле Пенсия көлөмүн жогорулатуу кажет.
Ошондой эле пенсионерлерге берилген жеңилдиктердин санын көбөйтүү зарыл. Азыр Кыргызстандагы пенсионерлерге төмөнкүдөй жеңилдиктер берилет:
70 жаштан жогорку пенсионерлерди бекер дарылоо. Бардык дарыгерлер үчүн 200 сом амбулатордук дарыланууда, 260 сом терапевттик дарыланууда.
“Неман” дарыканаларында дарыларга 5% арзандатуу.
Транспорт: автобустар жана троллейбустар бекер, маршруткалар 5 сом.
Аны менен катар эле пенсионерлерге жардам берген жакшы адамдар да жок эмес. Мисалы, жаш үй-бүлө дүкөн үчүн бир нече нан сатып берип, аларды пенсионерлерге бекер берүүсүн өтүнүп келишет. Ал эми айрым айдоочулар болсо чон апа, чоң аталарды бекер жеткирип коюшат.
Менин экинчи аптам тууралуу кененирээк жаза кетсем. Менин 400 грамм күрүчүм түгөндү, мен аш басып аны 4 күн катары менен жедим. Менде калган 989,42 сомдун 760 сомун короттум (эсеп тууралуу кененирээк биринчи блогдон окуй аласыңар):
Мен дагы эле ачка болуп жүрөм жана шайтандай ачуулуумун. Өзгөчо бул кечинде билинет (байкуш үй-булөм). Тилекке каршы, дайыма тойбой жаткандыктан өзүмдүн кыжырдануумду тыя албай келем. Апам ал жасаган тамакты жебей жатканыма таарынып жатат. Кесиптештерим болсо эксперимент тууралуу унутуп калышып мага бир нерсе алып алышат. Досторум март айында менин бар экенимди унутуп калышпаса болду, анкени дайыма жолугушуулардан баш тартып келем.
Менин экспериментим уланууда. Кийинки жолу позитивдүү маалымат болот (сиздер үчүн өтө кызыктуу нерсе даярдап жатам).
Азиза Мурзашова.