Мен абдан ишээнчекмин, ошондуктан менин жазгандарым пенсионерлердин маселесине адамдардын көңүлүн буруп, Кыргызстандагы пенсиянын көлөмү өтө аз экендигине жакшы мисал болуп берет деген ишеничтемин.
Эмнегедир экспериментти ишке ашырууга чечкиндүүлүгүм жетпей жаткан. Аны баштабоого шылтоолор бат эле табылчу. Балким кептин баары бир айга жашоо образымды өзгөртүүдөн коркуп жатканымда болгондур. Анткени тамак-аш, жашоо образы ушундай болуш керек деп кабыл алып жатканыбызда себеп болгондур.
Мени эң кыска айды тандап алдың деп сындагандар болду. Бирок февраль – мен үчүн моралдык жактан (ылай жана суук мени жүдөтүп жиберет), ошондой эле физикалык жактан (авитаминозго байланыштуу менде абал жакшы болбойт) эң кыйын ай. Ошондой эле коммуналдык төлөмдөр жана азыктар (жашылчалар жана жемиштер) кышында кымбат эмеспи.
Балким силер эмнеге “пенсияга жашоо” деп сурашыңар мүмкүн. Доктурдун же мугалимдин маянасына жашап көр…
Менин жүрөгүм аялуу, коргоосуз жана ар күн сайын жашоо үчүн күрөшкөн пенсионерлер үчүн ооруйт. Мисалы, мугалимге маянасы жетпесе ал башка кошумча иш тапса болот: жеке сабактар, курстар жана башка тармактар.
Бул доктурлар жана башка тармакта иштеген аз эмгек акы алгандарга да тиешелүү. Ал эми пенсионерлерде мүмкүнчүлүк жок. Алар аз акчага болсо дагы бала багуучу, пол жуугуч, кароолчу болуп орношуп алышса ийгиликтин жылмайганы.
Ошондуктан кайыр сураган же эски оокаттарын саткан карыларды көп көрөбүз. Суукта жардам сурап турган чоң энени көргөндө жүрөгүм зырпылдап кетет, көзүмө жаш айланып өзүмө келе албай далайга чейин жүрөм.
Баса орточо пенсияны көп адамдар албайт. Көпчүлүк 2 000 же 3 000 сом гана пенсия алышат. Айрымдарынын кайрымдуу балдары бар жана алар баарын камсыз кылып турушат. Бирок баласыз калып, каржы жактан колдогон адамы жоктор да жок эмес.
Мына менин колумда 5 173 сом пенсия бар. Бул орточо пенсия өткөн жылдын октябрь айындагы көрсөткүч. Мамлекет пенсия жашындагыларга жашоо минимумун аныктаган.
Алардын пикиринде пенсионерлер үчүн эң керектүү нерселердин таблицасы түзүлгөн.
Андагы бир нече бөлүк нааразычылык жаратат.
Биринчиден, эмнеге пенсионердин жашоо минимумум кадимки эмгек жашындагы адамдардын жашоо минимумунан аз?
Экинчиден, эмнеге жашоо минимумунда эркектер жана аялдар арасында айырма бар…макул Азиза, бул башка тема, тынчтан.
Үчүнчүдөн, эмнеге жашоо минимумунда “Медицина. Дары” бөлүгү жок. Дал ушул жашта ар кандай оорулар чыгып, иммунитеттин төмөн болуусунан улам алар аялуу болуп калышат.
5 173 сом пенсиядан мен 1 500 сомду дароо коммуналдык төлөмдөргө катып койдум. Мен ата-энем менен жашагандыктан, коммуналдык төлөм төлөбөйм дагы, бул акчалар курстарыма кетет.
Таблицада пенсионер ай сайын тамак-ашка 3 012,59 сом төлөшү керектиги жазылган. Мен Фрунзеден (базарга бара алган жокмун, себеби жумуштан кеч чыгам) бир айга жеткидей азык-түлүк алдым.
Менин эжем бир жолу “Аял бир килограмм картошканын баасын билбегенде бактылуу болот” деди эле. Атам бар үчүн апам экөөбүз чынында эле анын баасын билбейбиз. Кечээ дүкөндөн мага ачылыш болду, сарымсактын килограммы 200 сомдон жогору экен.
Ошентип мен төмөнкүлөрдү сатып алдым:
Жумуртка 10даана — 81с. (ар кайсы фирмалардын жумурткаларынын айырмасы эмнеде экендигин түшүнгөн жокмун, ошондуктан эң арзанын сатып алдым)
Өсүмдүк майы — 75с.
Уй эти 850гр — 349,29с.
Балык — 28,06с. (мойва баарынан арзан балык экен)
Сулуу — 44с. (таблицадагы нандын ордуна)
Өзгөн күрүчү 556 гр — 61,16с. (нандын ордуна, мен нанды кээде гана жейм)
Клетчатка — 81с. (нандын ордуна)
Гречка 844гр — 64,14с. (нандын ордуна, бул дандар таблицада көрсөтүлбөгөнү мени нааразы кылды)
Картошка 1,842кг- 42,37с.
Сабиз 966гр — 16,42с.
Пияз1,098кг — 14,27с.
Капуста 0,968кг — 10,65с.
Болгар калемпири 0,458кг — 87,94с.
Алма 1,136кг — 90,88с.
Банан 1,036кг — 97,38с.
Кара чай — 66с.
Азык-түлүккө 989,42 сом калды, мунун ичинде 720 сом унаага жана 430 сом азыкка эмес, жуунуучу каражаттарга.
Шекер алган жокмун, себеби аны колдонбойм.
Туз алган жокмун, себеби 3,14 сомго бир куту туз келмек эмес.
Сүт азыктарын алган жокмун, себеби бат бузулуучу азыкты бир жумада бир алып турууну туура көрдүм.
Сүрөттөн силер пенсионер үчүн бир айга керектүү азыктардын көлөмүн көрө аласыңар.
Атам жана апам бир айда эмне менен тамактанарымды көрүп эстери ооду.
Менин артка кайтууга оюм жок экенин угушуп, атам: “Канчага чейин чыдар экенсиң. Чыдабайсың” десе апамдын көзүнөн мени жашыруун тамактандыруу ою бар экенин окуп турдум.
Бир жумада бир жолу эмне болгону жана өзүмдү кандай сезип жатканым тууралуу жазып турам. Мага ийгилик каалап коюңуздар.
Азиза Мурзашова.