БҮТТҮ – эксперимент бүттү деп кубанычтан кыйкыргым келип кетти. Бирок абдан кайгылуу болуп жатта, себеби бул мен үчүн бир айлык эксперимент болсо, жалгыз бой жашаган чоң энелер, чоң аталар үчүн – бул алардын өмүрүнүн акырына чейинки жашоосу.
Мен эмнеге бул экспериментти жасоону чечтим?
Мен Facebookка пенсионерлердин жашоосу тууралуу жан дүйнөнү жанчыган пикиримди жазып койсом же таблицадан, графикадан, статистикадан турган блок жазып койсом деле болмок. Бирок мен өз башыман өткөрбөгөн нерселер тууралуу жазбоом керек деген принцибим бар. Бул менин объективдүү болууга кылган аракетим. Ошондуктан биринчи караганда жеңил эле көрүнгөн, бирок бир топ кыйынчылыктар менен коштолгон экспериментти башыман өткөрдүм.
Эксперимент башталганда мени тааныгандар жана тааныбагандар бир топ колдоо көрсөтүштү. Бирок колдоого караганда мени сындаган, шылдыңдагандар, блог аркылуу эч нерсе чечилбесин айткандар көп болду. Чынын айтсам өтө таарынычтуу болду. Мен тарапка айтылган сындарга онлайн түрдө конкреттүү, эмоциясыз жана жеке сапаттарга өтпөй, факты менен жооп берүүгө аракет кылып жаттым…чыныгы жашоодо ыйладым. Же бул ачкалыктын таасири болдубу…
Биринчи эки жумада ачка болуу өтө кыжырымды келтирип жатты. Ашказанымды суу менен алдап жаттым. Мен ансыз деле сууну көп ичем, биздин кабинеттеги суу менимче бат-баттан түгөнүп жатты.
Эксперимент учурунда жумуштан күнүнө болжол менен 10⁄15 стакан суу ичип жаттым. Иш күндөрү эксперимент жеңилирээк болуп жатты, эс алуу күндөрү өтө оор болду, себеби үйдөгү шкаф жана муздаткыч таттууларга толо болчу.
Ошондой эле мени тамактандырууну каалагандардан жана апам жасаган тамактан баш тартуу оор болду. Баса, ал башында жасаган сүйүктүү тамактарымды жебей койсом таарынып жатты. Эмнеге дароо баш тартасың деп.
Дайыма ачка жүрүүдөн мен эч нерсени көтөрө албай, жиним чукул болуп калды. Тамашаларды жаман кабыл алып жаттым. Мурун өзүмдү шылдыңдап коюп жатсам, бул айда ар бир тамаша мага ийнедей туюлуп жатты. Түштөн кийин энергиям нөлгө түшүп калып жатты.
Мурун кыш бою үйдө байпагы жок, футболкачан жүрсөм, эксперименттен 2 жума өткөн соң мен калың кийим кийип, байпагы жок жүрбөй калдым. Бирок ден-соолугум мени уят кылган жок.
Баардыгы, өзгөчө ата-энем тамакты аз жегеним организмге кандай таасир берип жатат деп тынчсызданып жатышты. Бирок мен күчтүү жана ден-соолугум чың кыз болгондуктан эч кандай терс таасирлер болгон жок…бирок пенсионерлердин иммунитети начар жана алар толук кандуу тамактануусу кажет эмеспи.
Бул ай мени эң жакшы адамдар жана пенсионерлерге жардам берген уюмдар менен тааныштырды. Ошондой эле мен пенсионерлер менен таанышуу бактысына ээ болдум. Жолугушуудан кийин мен ар жума сайын пенсионерлер менен жолугушуп волонтер болууга даяр эмес экенимди билип ыйладым. Анткени ал үчүн өтө күчтүү адам болууң керек экен. Назарыңыздарда чоң энелердин жана чоң аталардын кыскача баяндары:
Клавдия Алексеевна 84 жаш, пенсия — 5 900.
Надежда Семёновна 76 жаш, пенсия — 9000.
Любовь Яковлевна 73 жаш, пенсия — 7 200.
Анатолий Николаевич 62 жаш, көзүнүн көрүүсү боюнча майып, пенсия — 5 300.
«Көзүмө жакында эле операция жасашкан, бозомтук кылып көрөм. Көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгону мен кайрадан ыр жаза баштадым. Көп жылдан бери гемодиализ алам (бөйрөк оорусу менен жабыркагандар канын тазалатып турушат). Бекер дарылап жаткан жана тамактандырып жаткан доктурларга рахмат. Мен ушинтип курсагымды тойгузуп турам. 5000 сом пенсиямдан 2000 сом дарыга кетет. Коммуналдык төлөмдөр бар…эптеп жашап жатам » Анатолий Николаевич жазган ырдан үзүндү:
Пусть наша память не сотрёт те лица,
Что были нам подарены судьбой.
Несется рысью в даль лихая колесница,
Уносит время да и нас с тобой.
Уходят люди и уходят годы…
И расставания повторяются опять,
Возносятся под эти ангельские своды,
Чтоб больше никогда не умирать…
Акырында экспериментти жыйынтыктагым келди.
Азыктардан калганы: 1,5 алма (жемиштерди сактап жаттым, жарымдан эле жедим), кичине сулуу, 2 пияз, чай (жөнөкөй эле сууну көп ичем), өсүмдүк майынын жарымынан көбү (бир жумада бир тамак жасап аттым). 5 173 сомдон 20 сом калды. Мен 1 күндө бир жолу гана толук кандуу тамактанып жаткандыктан азыктар бир айга жетти.
Өзүмдү өтө чектеп жашагандыктан акчам жетти. Кийим, бут кийим алуунун кажети болгон жок…пенсионерлер кийимге кантип жеткирип жатканына таң калдым. Дары алган жокмун. Бирок дарынын эсебинен деп 1000 сомду башка чыгымдарга кетирдим. Жөнөкөй эле нерселерде дайыма баш тартуудан тажадым.
Эксперимент үчүн тамагымды карап чыктым. Биз эмнени кааласак алууга мүмкүнчүлүгүбүз болгон үчүн каалаган тамакты алып жейт экенбиз, чектөө койбойбуз. Эми мен ойлонуп тамактанып калам деген үмүттөмүн.
Бир тыйындан бери санап жашап, мен акчанын баасын билдим. Ар бир айлыгымдын кайсы бир бөлүгүн топтоону чечтим. Пенсионерлерге жардам берген уюмдарды табуу менен волонтер катары аларга колумдан эмне келсе жардам берүүнү чечтим.
Бул эксперименттин башкы максаты пенсиянын аздыгына адамдардын көңүлүн буруу болчу. Көпчүлүк тааныштарым орточо пенсия жана жашоо минимумум канча экенин билишчү эмес. Менин экспериментимден алар ушул маалыматтарды алганы кичинекей жетишкендигим.
ММКлар тарабынан болгон кызыгуу абдан кубантты, анткени алардын жардамы менен, алар бөлүшкөн маалыматтар аркылуу пенсионерлердин маселеси тууралуу көп адамдар билип, баары болбосо дагы кээ бири карыларга жардам бере баштайт- бул мен үчүн чыныгы жеңиш. Эгерде сиз азыр бул саптарды окуп жатсаңыз, демек мен максатыма жеттим.
Азиза Мурзашова.
ЭКОНОМИКА Азиза менен маектешти, аны менен окурмандар кийинчерээк тааныша алышат.