Эксперименттин биринчи жумасы өттү. Өзүм үчүн 3 ачылыш жасадым:
Мени эң жакшы адамдар курчап турат
Мен өтө соргок экеним
Баарына жакпайсың
Ылдыйдан өйдө карай баштасак. Экспериментти баштаганымда мени колдогон көп кишилер болгон, алар каржылык жактан да моралдык жактан да колдошорун билдиришкен (баарынан жүрөгү назик, эң жакшы адам Укей Мураталиева таң калтырды ), көп каттар келген. Силердин сөздөрүңөр долбоор керек экенин билдирип, дем берип, аны акырына чыгарууга түрткү болду. Канча адам болсо, ошончо пикир болот дегендей мени сындагандар да болду.
Шилтеме менен өтүп, блогду окубай туруп, пенсионерлердин жашоо минимумунда көрсөтүлгөн тамактардын тизмесин карабай эле менин алган тамак-аштарыма күлгөндөр болду. “Банан? Банан-пенсионерлер үчүн “роскшь”. Түшүндүрүп жатам, жемиштер үчүн 442 сом 68 тыйын берилет, мен бир айга 188 сом 26 тыйынга жемиш сатып алдым, атайын бөлүнгөн каражатка мен каалаганымды сатып алсам болмок. Мисалы, бир айга жетет десем 1 кг апельсин же 1 ананас сатып алышым мүмкүн болчу.
Кээ бирлери ишенбей: “Блогду жазып коюп, досторуңуз менен кофе ичкени кетесиз да”, “Сиз ата-энеңиз менен жашайсыз, алар тамак берет”, “Досторуңуз даам сыздырат” деп жазышыптыр. Силер менин мүнөзүм кандай экенин билбейсиңер. Мисалы, дүйшөмбү ЧикенСтарда досторум менен барчу танго кечесин өткөрүп жибердим, анткени ашыкча нерселерге көз арткым келген жок, мени бир стакан суу менен эле отур дешти.
Эгерде силер пенсионерлерге кантип жардам берүү керектигин билсеңер алга, достор. Мен силердин пенсионерлерге жардам берүү боюнча акцияңар, долбооруңар тууралуу окуп кубанычта болоюн.
Мен өтө соргок экеним тууралуу экинчи пунктка келсем, силер бир нерсени жеген кадимки нерсе экенин билгенде канча тамак жеп жатканыңарга деле көңүл бурбайсыңар.
Мен көрсө жемиш, кургатылган жемиш, шоколад, печенье жеп көнүп калыпмын. Менин тамагым аз болгондуктан ашказаным “шок” болду.
Жумушта түштөнүүгө чейин жана кечке маал шам-шум этип алмайыбыз бар. Мен бул мүмкүнчүлүктөн айрылдым. Ашказаным кабинетти жаңыртып курулдап жатты (мага ошондой сезилди).
Бирок мындан татыктуу өттүм, аны менен катар эле кандай соргок болгонумду түшүндүм (жана эксперименттен кийин мурункудай эле таттууларды жей береримди билдим…керек боло эксперименттен кийин эмне тамак жерим тууралуу тизме түзүп койдум).
Бул жума ичинде мен 2 жумуртка, 2 картошка, 2 сабиз, 2 пияз, 1 перец, 200 грамм гречка, 100 грамм күрүч жана сулу, 1 банан жана 1 алма жедим. Мен тамакты 2⁄3 күнгө жана түшкүгө гана жасап жаттым. Эрте менен сууга бышкан сулу жеп жаттым (3-күнү даамы шумдук болуп калды). Кечинде кебектер менен айран ичип жаттым (кебектер көөп, ашказанды толтуруп коет экен).
Менин ата-энем, досторум, кесиптештерим мени тамашалап пенсионер деп атап алышты. Баары эле мени тойгузгулары келип “пенсионерлерди деле кээде тамакка чакырышат” деп жатышат.
Берилип жаткан шоколадды албай “жок” деп айтуу кандай кыйын болгонун билсеңер…Менин кесиптештерим Айдай Рга жана Мээримге көңүлүм чөгүп турганда жакшы сөз айтып, колдогондоруна рахмат.
Эксперимент учурунда 2 сомду үнөмдөө үчүн маршруткаларга түшпөй, автобус күтүп жаттым.
Бир жолу маршруткадан 3 сомумду түшүрүп жиберип, өтө капа болдум.
Болбогон 3 сом үчүн капа болуу пенсионерлердин чындыгы.
Менин экспериментим уланууда, кийинки блогдордо керектүү маалыматтар көп болот, мында болсо көбүнчө эмоциялар болду. Анткени бул пенсионердин биринчи жумасы. Бирок жыйынтык өтө кайгылуу – ачка боуу кадимки көрүнүш болуп калат экен…
Азиза Мурзашова.