• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Пенсионерлер мамлекетке ишенишсе болобу?

????????????????????????????????????

👁 2,019

Апрель айында Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Түркиянын Президенти Реджеп Тайип Эрдоган эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда социалдык камсыздандыруу тууралуу келишимге кол коюшту. Бул документ тарыхый болуп саналат, себеби дароо эки өлкөдө пенсия алууга мүмкүнчүлүк берет.

Ошол эле маалда парламентте 2018-жылдын акырына чейин пенсияны жогорулатуу маселеси каралууда. Соцфонддун жетекчиси Мухаммедкалый Абулгазиевдин айтымында, айына 100 миң сом пенсия алгандар да бар, бирок пенсионерлердин көбү 2–3 миң сомдон алышат. 

ЭКОНОМИКА Кыргызстандагы пенсия көлөмүн башка өлкөлөр менен салыштырып көрүүнү чечти. 

Биз бир катар өлкөлөрдүн пенсиясынын статистикасын карап чыктык. Учурда өлкөбүздө пенсиянын орточо көлөмү 5 миң сомду түзөт. Аялдар 58 жашка чыкканда, эркектер 63 жашка чыкканда пенсия алып башташат.

Германиядагы пенсия: Бул өлкөнүн батышында пенсионер 1290 евро алса, чыгышында 1000 евро алышат. Бул өлкөнүн жарандарынын баары 67 жашынан пенсияга чыгышат.

АКШдагы пенсия: Америкалыктар 1100–1200 доллар пенсия алышат. Эркектер 67, аялдар 65 жаштан пенсияга чыгышат. Каалагандар пенсияга эрте чыгышса болот, анда алар тиешелүү пенсиянын 70 пайызын гана алышат.

Улуу Британиядагы пенсия: 2016-жылы британиялык карылардын пенсиясы жумасына 155,65 фунт стерлингди түзгөн, бул 865 долларга барабар. Аны алуу үчүн 10 жыл стаж керек. Эгер адам пенсионер болуп туруп иштеп жаткан болсо, анда ага жумасына 4,44 фунт стерлинг кошулуп берилип турат. Британиялык аялдар 60–65 жашка чыкканда, эркектер 65 жаштан пенсия алып башташат.

Даниядагы пенсия: Бул өлкөдө пенсиянын көлөмү 2800 доллар экенине көпчүлүк ишене бербесе керек. Данияда 65–67 жашка чыккандар пенсия алып башташат.

Кытайдагы пенсия: Кытайда абал анча жакшы эмес. Мамлекеттик бюджет 40%ын гана пенсияга коротот, ошондуктан анын көлөмү 100 долларды гана түзөт.

Пенсиялар алгач ХIХ кылымда Европада пайда болгон, ал учурда падыша династиясында өзгөчө эмгек өтөгөндөргө: аскер башчыларына, окумуштууларга, сүрөтчүлөргө пенсия төлөнчү. Ал эми мамлекеттик пенсия алгач Германияда пайда болгон. Бисмаркта 1889-жылы 70 жашка чыккандарга акча төлөп башташкан. Бирок ошол маалда Германиядагы орточо жаш болгону 45 жаш болгон. Башка өлкөлөрдө карыларга каражат төлөө ХХ кылымда пайда боло баштаган.

Дүйнөдөгү пенсия системасы

Аналитиктер дүйнөдө пенсия берүүнүн негизги 3 түрү бар экенин айтып келишет:

  • жеке-топтоочу — пенсия салыктары кызматкерлер же жумуш берүүчүлөр тарабынан төлөнөт (өлкөнүн мыйзамынан көз каранды). Төлөмдөр атайын эсепке түшүп, иштеп жаткан маалда чогула берет дагы, пенсияга чыкканда чогулган каражат пенсия болуп төлөнүп берилип баштайт.
  • бөлүштүрүүчү – пенсиялык салыктардын негизинде берилет. Иштегендердин пенсиялык салыктары чогултулбайт, ал дароо пенсионерлерге төлөнүп бериле берет. Иштегендер келечектеги муун аларга пенсия төлөп берет деген ишенимде. Көпчүлүк өлкөлөрдө пенсиялык төлөмдөрдүн көлөмүнөн жана эмгек стажынан көз каранды.
  • бөлүштүрүүчү – жалпы салыктардын негизинде. Жалпы пенсиялык салыктар жок, пенсия жалпы салыктардан төлөнөт. Пенсиянын бул түру иштебегендерге төлөнөт: социалдык жактан корголбогон адамдар, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер, багуучулары каза болгондор ж.б.
Негизи ар бир өлкөдө пенсиялык системанын 2 же 3 түрү тең колдонулат. Өнүккөн мамлекеттерде демографиялык абалдан улам пенсионерлерге карата иштеген адамдардын саны азайып бара жатат. АКШда 1950-жылы 1 пенсионерге 8 ишке жарамдуу адам туура келсе, 2020-жылга карата алардын саны эки эсе кыскарары күтүлүүдө.

Дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн пенсия системасы

Данияда, Францияда, Финляндияда, АКШда пенсиялык топтолуучу система иштегендиктен пенсиянын көлөмү жогору. Бул системага планетанын калкынын 40%ы катышып келет, АКШда жана Европада бул көрсөткүч 2 эсе жогору (80%га жакын), ал эми Азияда болсо эки эсеге төмөн, Африка менен Сахарада болгону 5%.

Алдыңкы өлкөлөрдө топтолуучу система кантип түзүлөт: 

  • АКШ. Жалданып иштеген кызматкерлер Пенсиялык фондго 7,5% төлөйт (иш берүүчү дагы ушул сумманы төлөйт). Ал эми жалданып иштебегендер (бизнесмендер, адвокаттар, сүрөтчүлөр ж.б.) толук сумманы же 15%ды өздөрү төлөшөт.
  • Япония. Пенсия эки бөлүктөн турат – базалык (пенсия жашына жеткенде баарына төлөнүүчү каражат) жана эмгек (төлөгөн каражаттарына жараша). Орточо пенсия тапкан каражатынын 60%ын түзөт.
  • Германия. Жумуш берүүчү дагы, кызматкер дагы Пенсиялык фондго маянасынын 20,3%ын төгөт. Пенсиянын көлөмү маянанын 70%ын түзөт.
  • Улуу Британия. Жумушчу фондго маянасынын 10%ын төлөйт, жумуш берүүчү 3 — 10,2%. Натыйжада пенсиянын көлөмү маянасынын 50%ын түзөт.

  • Франция. Француздар Пенсия фондуна маянасынын 16,35%ын (кызматкерлер жана жумуш берүүчү тарап теңме-тең) төлөйт. Ал эми өз алдынча иштегендер толугу менен өзү төлөйт. Пенсиянын көлөмү акыркы 11 жылда орточо маянанын 50%ын алышат.
  • Израиль. Мамлекеттик пенсия фонду жок, анын ордунда милдеттүү камсыздандыруу фонду бар. Пенсиянын көлөмү орточо маянанын 16- 24%ын түзөт.
  • Кытай. Пенсия деген түшүнүк акыркы жылдарда гана кире баштады. Айылдагы жашоочулар пенсиядан үмүт кылбай деле коюшса болот.
Чыгыш Европанын айрым өлкөлөрүндө пенсиянын көлөмү биздин акча менен 150–300 миңди түзөт. Бирок жашоо дагы ошончо кымбат. Венгрияда орточо пенсия маянанын 40%ын түзөт, Польшада 50%, Россияда 27%. Ошол эле учурда Болгарияда минималдуу пенсия 25 евро болсо, жогорку пенсия эки эсеге жогору. Баардык өлкөлөрдө мамлекеттик пенсияга жашаса болот, бирок өтө жакшы эмес. Ошондуктан пенсиялык келечегин ойлогондор маянасынын бир бөлүгүн мамлекеттик эмес пенсиялык фонддорго төгүшөт, бул болсо аларга кошумча каражат болуп берет.

Өнүккөн өлкөлөрдө мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор пенсиялык төлөмдөрдүн 20%ын түзөт. Бирок АКШда, Канадада, Улуу Британияда, Австралияда алар 40% түзсө, Чехияда, Польшада, Венгрияда, Словакияда 5%дан аз.

Муундардын тилектештиги” – туңгуюк

Эмнеге баардык өлкөлөрдөгү пенсиялык система аксап келет? Башкы себеби – пенсионерлердин саны көбөйүп, эмгекке жармдуулардын саны кыскарганында.

  • В 1998-жылы өнүккөн өлкөлөрдө пенсионерлердин саны балдардын санынан ашып кеткен. 2050-жылга карата мындай көрүнүш бүткүл планетаны каптайт.
  • Адамдын карышы – бул көп убакытты талап кылган процесс. Жашоонун узактыгы көбөйүп, төрөлүү азаюуда (мисалы, Кытайда 1 үй-бүлөдө бир гана бала болууга тийиштиги тууралуу саясат жүргузүлө баштагандан бери 2010-жылы калктын санынын көбөйүүсү 2010-жылы 0,22% төмөндөп, дүйнөдө – 153-орунду ээлеген), миграциялык агым дагы коомго терс таасир тийгизип келет. 1950-жылы Жердеги орточо жашоо узактыгы 47 жаш болсо, 2010-жылы 69 жашты түзгөн.
  • Демографиялык абал өзгөргөндүктөн өлкөлөр ИДПсынын көп бөлүгүн пенсионерлерди колдоого корото башташты. 1935-жылы АКШда пенсия киргизилгенде ал ИДПнын 0,2% түзсө, учурда 6%. Италия пенсионерлерге ИДПсынын 14%ын, Түркия – 7,8% төлөйт.
  • Европа өлкөлөрүндө калктын саны көбөйүүдө: Кипрде жылына 1,66%, дүйнөдө 74-орунда (!).Австралия 107-орунда (1,17%), АКШ 121-орунда (0,97%), Улуу Британия 151-орун (0,56%), Швейцария – 180-орун (0,22%). Орточо эсеп менен дүйнөдө калктын санынын көбөйүүсү 2010-жылы 1,13% жеткен.
  • Көпчүлүк өлкөлөрдө калктын саны азайган: Германия (-0,06%), Чехия (-0,11%), Япония (-0,24%), Россия (-0,47%), Украина (-0,62%), Болгария (-0,77%).
Жаңы муундар физикалык жактан пенсия төлөөгө тилектештик көрсөтө албай калышты.

Эксперттер мындай дейт: 

  • дүйнөдө идеалдуу пенсиялык система жок. Келечекте пенсия маселеси курч болот. Бийлик пенсия жашын жогорулатууну талап кылса, калк пенсиянын көлөмүн жогорулатууну талап кылып баштайт.
  • Батыштагы өнүккөн өлкөлөрдө мамлекеттик эмес пенсия фонддору жылдап иштеп келет, ал жакка адамдар коркпостон каражаттарын салып келишет. Алардан айрымаланып АКШ өлкөлөрүндө мындай фонддор финансы пирамидалары болуп чыкты. Жаңы пенсия фонддоруна ишеним алып келүү канча реалдуу экенин убакыт көрсөтөт.
  • Пессимисттер болсо эч кимге ишенбей, акчаны карыган убакытка деп чогултуу керектигин билдирип келишет.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости