–Мындай эксперимент өткөрүү идеясы качан пайда болду эле?
–Жарым жыл болду. Бирок мен чечим чыгара албай эле жүрдүм.
- Эмне түрткү болду?
–Биз пенсионерлерге көп эле көңүл буруп келебиз, көчөдө кол сунуп отурган пенсионерлерди, эски кийим, буюм-тайым, китеп сатып отурган пенсионерлерди көрүп эле жүрөбүз, алар кандайдыр бир жолдор менен акча табуу аракетин көрүп жатышат. Дал ошол убакта эмнеге алар мындай кадамдарга барып жатышат деген суроо туулат.
–Бул шаардык пенсионерлерге гана тиешелүү да. Балким кененирээк карап көрөсүз. Шаардык пенсионерлер менен айылдык пенсионерлер эмнеси менен айырмаланышат?
- Түшүнүп турам. Шаардагы пенсионерлерге алда канча оор, анткени алар батирлерде турушат жана башка. Айылдагы пенсионерлер жерлеринде бир нерсе өстүрүп, чарбачылык иштерин кылып өз жандарын багып келишет.
- Менталитетке байланышкан учурлар да бар эмеспи?
–Ооба, менталитет дагы буга кошумча. Мен карыган адамдарга жардам берген уюмдарга барган учурда жалгыз бой пенсионерлердин көбү, 80%ы орустар экенин көрдүм, кыргыздар аз. Анткени биздин үй-бүлө маданияты башкачараак, башкача айтканда ата-энени бизде таштап кетпейт.
- Келиңиз ойлонуп көрөлү, бул маек эмес, сүйлөшүү болсунчу. Бизде эмгек мигранттарынын саны көбөйгөндүктөн кары-картаңдар жалгыз калган учурлар көп эле кездешет эмеспи. Алар шаардагы пенсионерлерге караганда алда канча начар турушат. Мен ишиме байланыштуу аймактарга көп чыктым жана чай жана кара нан менен отурган пенсионерлерди көп эле көрдүм. Кээде алар чайды жалбырактардан демдеп ичип жаткан учурлар да болгон. Бул маселени кантип чечсе болот?
–Менимче бул өтө оор. Мындай маселени мамлекеттик деңгээлде чечүү керек, жумушчу орундарды түзүү зарыл жана башка. Биз миграция маселесин чеч албайбыз. Дал ушул мигрант болуп кеткендер, жумушчу күчтөрдүн өлкөдөн кетип жатканы, миграция көп факторлорго таасирин тийгизет.
- Биз азыр ай сайын социалдык фондго каражат которуп турабыз, азыр бир адам 2 пенсионер багып келет. 10 жылдан кийин бир адам 4 пенсионерди багып калат. Иштеген адамдарга бул кандай жүк болорун элестетип көрүңүз. Сиз маселе көтөрүп чыктыңыз, бирок сиз болгону бир тарабынан карадыңыз, мен сизге маселенин башка тарабын көрсөткүм келип турат, бул боюнча кенен сүйлөшсөк. Кандай ойлойсуз?
- Бул боюнча талкуулоо оор болот. Биринчиден мен бул менен тааныш эмесмин жана көргөн жокмун. Сиздин тажрыйбаңыз бар, аймактарга чыгып жүргөнсүз, байкап жүрөсүз. Мен аймактарга барган эмесмин жана айылдагы пенсионерлердин жашоосун көргөн эмесмин, менин тажрыйбам жок.
- Экспериментти уланталыбы?
–Бул тууралуу ойлоно элекмин. Бул темага берилип, бул маселелер боюнча иштеген уюмдарда иштеп баштаган болсом, албетте ооба. Бирок ишмердүүлүгүм башка тармак менен байланыштуу болгондуктан эксперимент кыла албайм.
–Кесиптештериң кандай карашты?
–Алар көбүнчө тамашалап жатышты. Мени “пенсионер” атап, баары мага боору ооруп, көбү эксперименттин бүтүшүн күтүп жатышты. Мага тамак берүүгө аракет кылышты, баш тартып жаттым. Жалпысынан жакшы десем болот, баары билишчү.
–Ички дүйнөңүздө, психологиялык жактан кандай абалга туш болдуңуз?
- Психологиялык жактан оор болду. Өзүңдү дайыма тыйып туруу моралдык жактан оор экен. Мен пенсионерлерди гана эмес, аз акча тапкан адамдарды түшүнө баштадым. Каалаган нерсесин ала алышпайт экен.
–Шаардын жашоочулары көпкөлөң болот деген түшүнүк бар го.
–Ооба. Биз муну байкабайбыз, бирок биз майорлор сыяктуу жашайбыз. Мен жазгам, сиз кофеканага барып, бир чыны кофе алып, бирок бул учурдун баалуулугун биле бербейсиз. Мындан кийин мен акчага башкача мамиле кылып калдым. Акча топтой баштайм деп чечтим.
Тамак-ашка болгон адаттарым дагы өзгөрдү. Биз дайыма каалаган нерселерибизди алып жеп жатып, канча тамак жегенибизди, эмне жегенибизди деле билбей калабыз, бир жумадан кийин бир апта бою эмнелерди жегенибизди деле эстей албай калабыз. Өзүңө чектөө койгондо көп нерсени түшүнөт экенсиң, көп нерседен куру калганда эмне туура эмес экенин биле баштайт турбайсыңбы. Кантип туура тамактануу керектигин. Бул мен үчүн кайра тарбиялануу болду десем болот.
–Бул эксперимент чоң үлгү болду, бул биздин социалдык камсыздоодогу бир нече маселени камтыйт. Анткени балдардын тамак-ашына учурда болбогон каражат коротулат, бирок балдар өсүп турган организм да. Аймактарга кайрылгым келип жатат, анткени шаарда ата-энелер балдарына чөнтөк чыгымдары үчүн акча беришет, ал эми айылда балдар жарым ачка болуп жүргөн учурлар көп эле. Адам баласына жөлөкпул алышы үчүн анын муздаткычы жана телевизору болбошу керек. Ал жарым ачка болуп жашашы зарыл. Ал эми социалдык төлөмдөр өтө көп. Мына биз социалдык фондго 27% төгөбүз, эми эсептеп көрүңүз.
–Менин экспериментим бирөөнүн жашоосун сактап калбайт, башкы максат – коомчулуктун көңүлүн буруп, аларды ойлондуруу болчу. Азыр жыйынтык чыгарып жатып мен буга жардамчы ММКлар болду деп санайм.
Мисалы, менин көптөгөн тааныштарым экспериментти баштарда пенсиянын көлөмү канча экенин билишчү эмес. Блогумду окуу менен алар ушул каражатка жашоого мүмкүн экенине ишене албай турушту. Бардык пенсионерлерге каржылык жактан жардам бере албасымды билем, мүмкүнчүлүгүм жок, бирок бир нерсе кылуу керек.
–Кийинки кадамдарың кандай болот?
–Эксперимент бүттү. Карыларга жардам берчү уюмдарды билем, алардын байланыш номерлери да бар, мүмкүнчүлүгүмө карап аларга жардам бергенге аракет кылам. Волонтер катары карылар үчүн өткөрүлгөн кандайдыр бир акцияларга катышып турмакчымын.
Кызыл жарым айда, АДРОдо, РЦПда волонтерлук бар жана анын бир нече түрү бар экен. Мисалы сен дайыма волонтер болсоң болот же кандайдыр бир ири иш-чараларда жардамчы болосуң. Бул дагы жардам. Мен ушундай жол менен улантып кетем деген ойдомун.
–Келечекке кандай пландарың бар? Пенсияга чейин?
–Келечекке? Билбейм, иштейм, жазам, жашайм.
- Бизнестечи?
–Жок мен өзүмдү ишкердиктен көрө албайм.
–Ушул эксперимент мындан аркы жашооңузга канчалык таасир берет? Сиз аны кайда жана кандай тармакта колдонгону жатасыз? Биринчи кезекте акча чогултуп баштайт экенсиз, анан?
–Мен канча акча таап жатканыма дагы мамилем өзгөрдү. Бул эксперимент боюнча башка жаштар дагы аларды 40–50 жылдан кийин эмне күтүп турары тууралуу ойлонушса болот.
Биз кайсы бир убакта пенсия аларыбыз тууралуу жана бир нерсе кылыш керектигин ойлонбойбуз. Мен пенсионер болгондо кантем деп ойлонуп баштадым, ал учурда канча пенсия алам, абал кандай болот деген ойлор пайда болду. Көз карашым өзгөрдү, мындан ары эмне болот деп ойлонуп калдым.
Ошондуктан каражат топтоо керектигин, банкка депозит салуу керектигин түшүндүм.
–Пенсияга чогултуу үчүн депозитти тандоо керекпи?
–Менин башымда азыр ушул гана вариант турат. Балким кайсы бир убакта мен бизнес ачып, өзүмө ишенип калармын. Мамлекетке ишенүүдөн пайда жок экенин түшүнүп турам. Келечекте кандай баалар болот, пенсиянын көлөмү канча болору белгисиз да.
- Мамлекет кепил болобу?
–Тилекке каршы, Кыргызстанда мамлекет кепил боло албайт, муну эксперименттен улам билдим. Мамлекет пенсионерлер үчүн кандай жашоо минимум чыгарганын, орточо пенсия канча экенин, алар көп нерселерди эске албашын көрдүм. Ошол эле дарылар, пенсионер пенсиясынын көбүн дарыга коротуп жатса, кантип жашашы керек?
–Азыр көпчүлүк жаштар өлкөдөн кетип жатышат, бирок көпчүлүк муну өзүн табуу деп санап келишет. Жаштар өлкөдө жакшы жашоого болбойт деген түшүнүк менен жашашат деп ойлобойсузбу?
- Жаштар ушундай ойлошу мүмкүн. Өлкөдөгү абалды көрүп туруп, мамлекетке болгон ишеним жоголот, ал кепил болбосун билет. Адам жаш кезинде эле бекер окуу мүмкүнчүлүгү жок экенин түшүнүп жатпайбы.
КРдагы ар бир бала бекер окууга укуктуу деген жөн гана кагазга жазылган кооздук да. Чындыгындай мындай эмес. Бала окугусу келсе, ата-энеси далай акча коротушу керек. Медицинада деле ошондой абал.
Коррупцияга, адилетсиздикке туш болгон адам, тааныштары аркылуу жакшы кызматтарды ээлеп, акылдуулар көчөдө калып жатканын көргөн жаштар кетип жатышат да.
Кошумча менин экспериментим, бул болсо пенсияга байланыштуу. Алар карыганда бул жерде жашоо мүмкүн эмес экенин түшүнүшөт. Мамлекет татыктуу карылыкка кепилдик бербейт.
–Балким. Чынында мен буга баа бере албайм. Мен саясатка кызыкпайм, бул багытта жазбайм. Бул процесстерде катышпагандыктан объективдүү боло албайм. Көпчүлүк мени менен тең таанышарым “саясатчы” болуп кетишти, алар кантип жакшы иш кыла болорун, эмне жакшы экенин билишет, кээде күлкүм келип кетет.
Көпчүлүк жаштар иш тажрыйбасы болушу үчүн болбогон акчага иштеп жүргөнүн көрүп жүрөм.
–Бул аларга эмне берет?
–Алар карьералык өсүү болот деп келишет. Алар губернатор, аткаминер, депутат болгусу келет жана бул аларга мүмкүнчүлүк берет. Мага бир таанышым ушинтип түшүндүрүп берген. Бизнес жана экономика боюнча сиздин пикириңизге кошула албайм, азыр бизнесин ачууга аракет кылган жаштар көп.
–Экономика бизнес эле эмес го?
- Азыр жаштар жана мен мамлекеттин экономикасына кошумчаны бизнес аркылуу кылсак болот деп түшүнөбүз, башкача айтканда жаңы жумушчу орундарды түзүп, инвестор тартып.
Азыр көпчүлүк жаштар экономикага ушундай жол менен салым кошууга аракет кылып келишет, биздин түшүнүгүбүздө экономика боюнча бизге билим жана тажрыйба жетишпей турат. Мага азыр бул темада талкуу жүргүзүү кыйын болуп турат, себеби бул тармакта билимим жок.
–Эгерде азыркы адистигиң болбосо, сага кесип тандоо мүмкүнчүлүгү ачылса, кайсы кесипти тандамак элең?
- Эл аралык уюмда PR-адис болуп иштеп жүргөнүмдө аймактарга көп барчумун жана адамдардын ишкердиги, бизнесиндеги ийгилиги тууралуу маек алуу тапшырмасы берилчү. Ошондо менде мүмкүнчүлүк болсо айыл-чарбасы менен алек болмокмун деген ой туулган. Эл аралык тажрыйбаларды колдонуп, бул процесси оптималдаштырмакмын.
–Чындыгында айыл-чарбасы биздин экономиканын 90%ын түзөт жана сиз кандай болсо дагы экономика менен алек болуп баштамаксыз. Азыр биздин жарандар жазгы-талаа иштери менен алек болгондун ордуна саясатка аралашып кетишти. Сезон башталды, экспортко чыгууну каалап жатыша, экспортко чыгуу үчүн экономика менен алек болуш керек, саясат менен эмес. Анткени экономика үй-бүлөлүк бюджеттен башталат. Сиз кылган эксперимент дагы абдан маанилүү, анткени бул дагы бюджет, аз болсо дагы адам жашаш керек болгон бүгүнкү күндүн чындыгы.
Назира Джуман.