Ал эми күндөн энергия алуучу батареяларды чыгарган компаниянын директору Марат Юнусов орто жана чакан бизнесте энергоэффективдүү жабдууну колдонуу кандай натыйжаларды берип жатканы боюнча мисал келтирди. Суусамырдагы күндөн энергия алып суу жылытуу системасы, фотоэлектр станциялары, Талас облусундагы күн коллекторлору. Бишкекте «СМАРТ» мейманканасы күн энергиясын колдонуп келет.
Дагы бир мисал. «Аалам» конструктордук бюросу тарабынан чыгарылган «ТТС» аппараты энергоэффективдүү жабдуулардын катарына кирет. ТТС суу жылыткычтарды, насосторду, буу-сууну ийгиликтүү алмаштыра алат. Аны колдонуу жеңил, өзү чакан, жогорку температурада жана басымда жакшы иштейт. Конструкция дат баспаган темирден жасалган. Ал эми кыймылдаган, сүрүлгөн, айланган бөлүктө болбогондуктан ал көпкө чейин кызмат кылат (колдонуу мөөнөтү 20–25 жыл). Баса бул жабдууга коңшу казактар жогору баа беришиптир.
Эксперт Елена Ролинойдун айтымында, донорлордун жардамы менен республиканын алыскы аймагында жайгашкан бир нече ФАПтар фотоэлектр панелдери менен жабдылган жана учурда күндөн электр энергиясын алган жабдуу свет бөлүп чыгарып турат.
Бул мисалдар “Экологиялык жактан таза” болгон технологияны колдонууда бир чети гана. Өзүбүз көрүп тургандай алар чакан жана орто бизнеске бир топ артыкчылыктарды берет. Ошондуктан ишкерлердин бул технологияларга болгон кызыгуусу артууда: имарат ичинде энергетиканы үнөмдөөчү мештер, жеке санаторийлерде жана эс алуучу жайларда ысык суу алуу үчүн күн челектери коюлууда ошондой эле күн батареялары кеңири колдонулуп келет; айыл-чарбада болсо чакан ГЭСтер колдонулууда.
“Бирок бул технологияларды жайылтуу үчүн маалыматтар аз болууда”,-дей эксперт Наталья Богатова.
Сиңип калган стереотиптерден аттап өтүү кыйын. Жаңы технологияны киргизүү жа оор. Эксперт Михаил Тараненконун айтымында, бул энергоэффективдүү жабдууну коюуда ишкерлерге стимулдун жок болгонунан, жеңилдиктердин жоктугунан, мамлекеттик сатып алууда “жашыл критерийлердин” жоктугунан улам болууда. Ошондой эле энергетиканы үнөмдөөчү технологияларда колдоо начар жүрүүдө.
Ийгиликтүү болгон мисалдар деле бар. Мисалы, «Гринлайн» теплица чарбачылыгы кошумча жылуулатууга инвестиция кылып, каражатын үнөмдөп, түшүмдүүлүгүн арттырып алган. Ал эми «TANSU» фирмасы болсо аркандай суу жылытуучу, жылуулук берүүчү жабдууларды EGP деп аталган программанын алкагында япониялыктардан кеңеш алып, көптөгөн ийгиликтерге жетишкен, ошондой эле “Энергетиканы үнөмдөөчү жабдуу” номинациясында алтын медаль алган. Компаниянын директорунун айтымында, учурда компаниянын өкүлчүлүктөрү Кыргызстанда, Орусияда, Казакстанда Өзбекстанда бар.
Бирок тилекке каршы, Кыргызстан үчүн азырынча энергетиканы үнөмдөө мисалдары жалпы эрежеден чыгып калгандай, себеби ишканада каражат жок. Демек кайра калыбына келүүчү энергетика булактарын киргизүү үчүн уюштуруу, стратегия, ыкма, мамлекеттик колдоо керек.
Ирина Байрамукова