Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуучу башкы башкармалыгы жаңы формаларга 1 миллион 700 миң сом коротту. Бул тууралуу «Республика — Ата Журт» фракциясынын жыйынында мекеменин жетекчиси Канат Жумагазиев билдирди.
Ал айрым кызматкерлер форманы өз чөнтөгүнөн тиктирип жатканын мойнуна алды. “Биз биринчи кезекте көчөдө кызмат кылгандарды форма менен камсыз кылдык. Каражат жетишсиз болгондуктан айрым инспекторлор формасын өз каражатына алмаштырууга мажбур болушууда”,-деди ал.
Депутат Жыргалбек Турускуловдун пикиринде, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуучу башкы башкармалыгы коррупциянын гүлдөөсүнө жол ачууда. “Силер кызматкерлериңерге: акча таап формаңарды алмаштыргыла деп жатасыңар. Алар акчаны кантип табышарын биз билебиз”,-деди эл өкүлү.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуучу башкы башкармалыгынын жетекчиси башкармалык кызуу иштеп жатканын жана күнүнө 3 миңден жол эрежесин бузуулар аныкталып жатканын билдирди.