• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Патрулдук кызматтын WhatsApp номерине 1 634 колдонуучу катталды

33

👁 940

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, 1-январдан тарта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын расмий веб-сайты жана WhatsApp мессенджери иштеп баштады. Расмий веб-сайт иштеп баштагандан тарта 1634 колдонуучу катталып, жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча 8028 арыз келип түшкөн.

Келген маалыматтар боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн аймактык бөлүм кызматкерлери арыз түшкөн жерлерге тезинен жөнөтүлүп турган.

Мындан сырткары айдоочулук күбөлүктү кайрадан алуу мүмкүнчүлүгүнө бөгөт коюу максатында сайтка соттун чечими менен айдоочулук күбөлүктөн ажыратылган жарандардын тизмеси илинмекчи.

«Таза коом» программасынын алкагында жаңы жылдан тарта КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматы айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамен тапшырууда биометикалык идентификация киргизген. Тестирлөө боюнча жаңы электрондук система адамдардын бет түзүлүшүн тез таанууга жөндөмдүү.

Тестке кирүү үчүн айдоочулук күбөлүк алуучулар веб-камерадан идентификациядан өтүшөт. Салыштыруу паспорттогу сүрөт менен автоматтык негизде жүргүзүлөт.

Айырмачылык чыга турган болсо тестирлөө токтотулат дагы экзмен жокко чыгарылат.

Аны менен катар эле экзамен тапшырганы тууралуу маалыматтар сүрөтү менен сакталып калат. Экзаменден өтпөй калгандар тесттин тарыхы менен таанышып, жыйынтыкта боюнча кайрадан арыз жазса болот.

Экзамендерди тапшыруу процессин онлайн режиминде https://grs.gov.kg/ru/subord/drtsvs/webcams/ сайты аркылуу көрүүгө болот.

«Бул чаралар курсанттардын жол эрежелерин билүү боюнча экзамен тапшыруусун жакшыртууга багытталган жана экзаменди мыйзамсыз берүү процедураларын алдын алат. Натыйжада жол коопсуздугунун деңгээли жогорулайт. Бул билимге ээ болуп, жол эрежелерин билгендерге гана айдоочулук күбөлүк берүүгө багытталган маанилүү чара жана жол кырсыктарынын азайуусуна көмөкчү болот. Жыл башынан бери 376 курсанттын ичинен 9у гана экзамен тапшырышып, айдоочулук күбөлүк алышкан»,-деди Сапар Исаков.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости