Ал Казакстандын паспортун тезирээк биздин өлкөнүкүнө алмаштырыш керек болуп жатыптыр. Мен мыйзамдуу түрдө алса боло тургандыгын айтып, баш тарттым. Людмила Петровна капалана түштү. “Эмнеге кыйыктанып жатасыз. Биз элчиликке чейин кайрылдык, эки жыл керек экен. А таанышы барлар эки айда эле, берчү акчасын берип, тез эле жасатып алат экен. Сизди деле ыраазы кылмакпыз” деди. Мен эмнегедир айтканымдан кайтпадым. Сөз ошону менен бүттү.
Бир топ убакыт өткөндөн кийин Людмила Петровнага капысынан жолугуп калдым. Учурашып ал-жайды сурашкандан кийин ал: “Баягы жумуш бүттү. Далай акчаны сорот экен, ошончо деп ойлогон эмесмин. Ортомчу таптым. Жээним эки айда эле Кыргызстандын паспортун алды. Иши кылып ортодо түшчү акча сизге буюрбаптыр» деп жылмайып койду. Бул окуяга бир топко чейин таң калып, ойлонуп жүрдүм.
Дагы бир окуя эсимден кетпейт. Өзүмдүн да паспортумдун мөөнөтү аяктап алмаштырганы жүргөм. Бир маалда жыйырмалардан өтүп калган кыз телефон менен сүйлөшүп жатты. «Сиз айткан адамды таптым. Жасап берем дейт бирок сиз айткан акчадан кымбаттап кетиптир, тезирээк акча салып жибериӊиз, тез эле бүткөрөм дейт. Ошентсе жакшы болот болчу, Москвага дагы билет алышым керек” Ал кыз бирөө угуп коет экен деп тартынбады. Эч ким деле анын сөзүнө көӊүл буруп, маани берген жок. Мына ушундай тааныштык аркылуу канча паспорттор жасалды экен?
Жумушка жарамдуу канчалаган мекендешибиз чет жерде, көпчүлүгү Россияда жүрүшөт. 300 миңге чукул кыргыз ошол өлкөнүн жарандыгын алды деген маалымат бар. Баш-аягы ал өлкөдө 700миӊден 1миллионго чейин кыргызстандыктар жашап, эмгектенишет. Баардыгы ошол мамлекеттин мыйзамы менен жашай албай, айрымдары кылмыш дагы кылышат. Бакыт деген жигит Россияда жүрүп катталуу эрежесин бузгандыгы үчүн өлкөдөн чыгарылып жиберилди. Кара тизме деп аталган нерсеге илинди.
Москвада кара жумушта иштесе деле Бишкекке караганда төрт эсе көп акча тапчу. Ошентип кыйналып жүргөн учурунда аны менен кошо депорт болгон бир таанышы аты-жөнүн өзгөртүп, жаңы паспорт алып кайра эле ошол Россияга өтүп кеткенин билди. Ал да сураштырды.
Бакыт ошентип тез эле Кумарбекке айланды. Фамилиясы да бөлөк. Туура, ал Москвага учуп жатканда чочулабай койгон жок. Качан аны кармап кетишээр экен деп да ойлонду. Домодедового конуп, шаарга чыкканда гана жүрөгү ордуна келди.
Канчалаган адамдар паспортун өзгөртүшөт. Расмий маалыматтарга таянсак эки жыл мурун 47миӊ 200 жаран паспортторун которгон. Европа Биримдиктин биздеги өкүлчүлүгү Кыргызстанда 30миӊдей адам мыйзамсыз паспорт алган деп билдирген. Алардын арасында Эл аралык жан кечтилер болушу мүмкүн деп ачык айтышкан. Бул эмнени билдирет?
Мухтар Аблязов Казакстандагы белгилүү оппозициячыл саясатчы. Убагында өкмөттүн курамына кирип, ири министрликтерди жетектеген. Азыркы учурда чет өлкөдө качып жүрөт. Бир топ убакыт мурун бул саясатчы Кыргызстандын паспортун алып, чет өлкөгө кеткен деген маалымат пайда болгон. Албетте, мындай резонанстуу окуя изилденбей койбойт. Тиешелүү органдар тарабынан изилдөө-иликтөө башталган. Ал иликтөө эмне натыйжа берди?
Андан кийин ал аял кызматынан кетирилди. Мамлекеттик каттоо кызматынын ошол кездеги жетекчиси сүрөттү чын эле Аблязовго окшош экен деп айтууга аргасыз болду. Иликтөө эмне менен аяктады, эч кандай маалымат берилген жок. Ал окуяга удаа эле Түркиядагы кытайлык жарандар кыргыз паспорту менен кармалышты. Демек, бул окуялар чет өлкөлүктөр үчүн биздин өлкөнүн жараны болуш оӊой экенин билдирет.
Мурда паспорт алуучу мекеме милициянын курамында болгондугу белгилүү, андан кийин өзүнчө каттоо кызматы түзүлдү да, паспорт берип каттоо ошол тармакка өтүп кетти. Айрым аналитиктер бул жагдай эки кызматтын сыртынан билинбеген тирешүүгө алып келди деп айтышат. Паспорт алууда соцфонддун да бир топ ролу бар. Чет өлкөдөн чыгарылып жиберилгендер адегенде ушул мекемедеги өздүк идентификациялоо номерин которуп, анан паспорт алуу аракетин башташат.
Ички иштер министрлигинин пресс катчысы Бакыт Сейитов соцфонд кылмыш кылып, издөөдө жүргөн адамдардын идентификациялык номурларын мыйзамсыз которуп салууда дегендей айып такты. Жаӊы номер менен ал кылмышкерлер аты-жөнүн өзгөртүп, издерин суутуп кетүүгө шарт түздү. Соцфонддун атынан башкарма жетекчиси Жыпариса Дуйшомбиева жооп берди. Ал: “Биз мыйзам боюнча кайрылгандардын баардыгынын номурун өзгөртүп беришибиз керек. Эгерде бизге Ички иштер министирлиги издөөдө жүргөндөрдүн тизмесин берсе, биз алардын номерин эч качан алмаштырмак эмеспиз”. Мына ушундай кайым айтышуулар эмнени далилдейт? Мыйзам ирээтинде жөнгө сала турган маселелер жетиштүү.
КРнын Жогорку Кеӊештин мурунку чыгарылышынын депутаты Дыйканбаев бир жолу самолетто Кытай жаранына жолукканын айтат. Кыргызча же орусча бир сөз билбеген кытайда Кыргызстандын жараны деген паспорту бар экенин өз көзү менен көргөн. Мына ушуга окшогон канча кытай Кыргызстандын паспортун алып алган? Буга так жооп жок. Айрым бир коомдук ишмерлер 100миӊ кытай биздин өлкөгө кирип алып, жашап иштеп жүрүшөт. Эч кандай уруксааты жок эле кызматтарга кирип кетишет деп айтышты.
Жакында эле КТРдин чыгармачыл тобу Бишкек ТЭЦте репортаж даярдап жүрүп, ал ишкананын ичинде кытай улутундагы жарандар иштеп жүргөнүн баамдашат. Ал жердегилер эч кандай сыртка чыгууну ойлоп да койбойт. Анткени көчөгө чыкса эле укук коргоо органдарынын колуна түшүшөт.
Жакын арада биометрикалык паспорттор бериле баштайт. Эми аты-жөнүн алмаштырып, жаӊы паспорт алууга мүмкүн болбой калат. Бул албетте оӊ жагдай, бирок, адистердин айтымына караганда коррупция үчүн жасала турган нерселер бар. Эӊ негизгиси жарандардын көпчүлүгүнүн укуктук сабаты төмөн. Ошентсе да биометрика алдыга карай эӊ чоӊ кадам экендиги талашсыз. Бирок ал бардык проблеманы чече алабы деген суроо турат.
Олжобай ТОКТОСУНОВ