Нарынга убактылуу көчүрүлүп келген памирлик кыргыздар орус жана англис тилдерин, компьютерде иштөөнү үйрөнө башташты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Учурда Нарын шаарындагы №86 кесиптик техникалык лицейинде памирден келген кыргыздар окутуудан өтүшүүдө. Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын тапшырмасы менен алар үчүн мектеп жашына чейинки 480 саттык программасынын негизинде окутуу планы иштелип чыккан.
Келген кыргыздарга беш сабактан Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев атындагы орто мектептин башталгыч класстарды окуткан мугалимдери сабак берүүдө. Алардын айтымында, окуучулардын көбү “Алиппени” жакшы окуп калышты. Каалоочулар орус, англис тилдерин жана компьютерди үйрөнүүдө.
Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев атындагы орто мектептин жамааты памирлик кыргыздарга азык-түлүк, окуу курал түрүндө жардам көрсөтүштү. Ошондой эле Нарын шаарынын, Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал райондорунун тургундары дагы жардам беришүүдө.
Маселе башкада, памирлик туугандар адаптация болгондон кийин аларды ишке орноштуруу керек, ал эми алар болсо мал багууну гана билишет. Эми бул маселени райондук деңгээлде чечүү зарыл. Бирок кантип? Кыргызстанда ансыз деле жумушсуздук күч алып жатат, ал эми тоолуу райондо жумуш табу алда канча оор эмеспи.