2018-жылдын 22-апрелинде Исламабадтагы чет элдик аялдар бирикмеси (IFWA, Islamabad Foreign Women’s Association) жана Дипломаттардын аялдары бирикмеси (COSALA, Corps of Service Attaches Ladies Association) тарабынан уюштурулган «Charity Bazaar 2018» кайрымдуулук жарманкесине катышты.
Бул иш-чаранын максаты бактысыз үй-бүллөрдөн 860 бала окуган Исламабадтагы «Машал» мектеби үчүн каражат топтоо болду.
ПИР КР элчилигинин атынан кайрымдуулук иш-аракеттердин алкагында улуттук тамак-аш жана эстеликтер сатууга коюлган, ошондой эле, улуттук саркечтеги бий көрсөтүлдү.
Катышуучулар кыргыз элдин жашоосу, маданияты жана салттары менен тааныша алышты. Ушул жылдын сентябрь айында Ыссык-Көлдө өтө турган III Дүйөлүк көчмөндөр оюндар жөнүндө маалымат алышты.
Кайрымдуулук иш-чарага Жапониянын, Кытайдын, Индиянын, Белоруссиянын, Индонезиянын, Брунейдин, Өзбекстандын жана башка мамлекеттердин дипломатиялык өкүлдөрү катышты.