Учурда Кыргызстанга оюнчуктар жана бут кийимдер чет жактан алынып келинет. Бул маселеде лидер – коңшу Кытай өлкөсү. Бул өлкөнүн өндүрүүчүлөрү пайда табууну көздөп коопсуздукту эстен чыгарып коюшкан. Кытай оюнчугунун зыяндуулугу, желимдин зыяны, радиация, аллергия чакырган материалдар тууралуу көптөн бери эле айтылып да жазылып да келет.
«БИОМ» Экологиялык кыймылынын изилдөөлөрүнө ылайык, КРнын рыногундагы оюнчуктардын 80%ы Кытайдан алынып келинет. Ошондой эле башка өлкөлөрдө чыгарылган оюнчуктарда дагы уулуу заттар бар экени белгилүү болгон. Кыргызстандыктардын үй-бүлөлүк кирешеси аз болгондуктан балдарына арзан, сапатсыз, уулуу заттар бар материалдардан жасалган оюнчук сатып берүүгө аргасыз.
Эколог Анна Кириленко айрым оюнчуктар балдар үчүн өтө эле коркунучтуу экенин билдирди. “Айрым учурларда сапаттары начар оюнчуктар зыяндуу болсо, кээ бир учурларда өндүрүүчүнүн уятына жараша болот. Оюнчуктардын зыяндуулугу:
1) Өтө бийик чыккан үндөр (учурда баардык жумшак оюнчуктар батарейка менен иштейт). 85 децебел норма болсо көпчүлүк оюнчуктардын үнү бул көрсөткүчтөн жогору болот. Үн чыгарган оюнчук менен күнүнө бир сааттан ашык ойноого болбойт, себеби дайыма үн чыгып турганда кулакка күч келип, нерв системасы дагы чарчоого туш болот;
2) Канцерогендер көп болгон арзан, өтө ачык түстөгү жумшак оюнчуктар;
3) Фосфор менен капталган оюнчуктар: шыпка жармаштыруучу күйүп туруучу ар түрдүү оюнчуктар, ар түрдүү мультфильмдердин күйүп турган каармандары. Эгерде оюнчуктун сапаты начар болсо, демек ал уулуу фосфор кошулмасы менен жасалган болот;
4) Арзан, уулуу материалдардан тигилип, арзан боек менен боелгон жумшак оюнчуктар. Алар аллергияны жаратып – анафилактикалык шокко алып келет;
5) Майда октору бар тапанча чыгаргандар, жебеси бар жааларды чыгаргандар, учу учтуу кылычтарды чыгаргандар. Алар балдардын коопсуздугун ойлошпойт;
6) Химиялык жыты бар арзан резинадан жасалган оюнчуктар. Кытай оюнчуктарынын көбүнүн курамында сымап, коргошун, мышьяк бар”.
Мындай оюнчуктар менен ойноо өтө кооптуу экенин Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистери дагы айтып келишет. “Бул оюнчуктар балдардын иммундук системасын бузушат. Дем алуу органдарын, ичеги-карындарын жабыркатып, мурун бүтүү, баш айлануу, баш оору, кусуу, уйкунун бузулушу, аллергия кылып, балдардын деми кысылат”.
КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, айрым учурларда өтө коркунучтуу абалга туш болгондор да жок эмес. Коргошун балдардын акылына терс таасир берип, аз кандуулукту чакырат, ал эми сымап бөйрөктүн иштөөсүн бузуп, нерв системасына терс таасирин тийгизет, ошондой эле жүрөктүн иштөөсүн бузуп, тамак сиңирүү органдарын бузуп, көздүн көрүүсүнө дагы терс таасир тийгизет. Ал эми мышьяк болсо адамдын терисин бузуп, неврологиялык ооруларды чакырат.
Балдарга арналган оюнчуктарды ата-энелери сатып беришкени менен чоңдор алардын ден соолугу тууралуу көп ойлоно беришпейт. Ошондуктан балдарды “уулуу” оюнчуктан сактоо зарыл.
Мамлекет ар бир жарандын иштөөгө болгон конституциялык укугун коргой албаса дагы, өсүп келе жаткан муундун келечегин ойлоп, аларды коркунучтуу, зыяндуу товарлардан коргоосу зарыл. Кыргызстан 2013-жылы 30-июлда № 177 “Оюнчуктардын коопсуздугу тууралуу” техникалык регламентти иштеп чыгуу менен зыяндуу оюнчуктарды ташып кирүүгө бөгөт коюуга аракет кылган. Бирок регламентти иштеп чыгуу эле ишти аягына чейин чыгаруу дегендикке жатпайт. Ошентип “Оюнчуктардын коопсуздугу тууралуу” техникалык регламент күчүнө кирген жок!
Өлкөдө кеңсе товарларынын коопсуздугун камсыз кылуучу техникалык регламент дагы жок.
“Оюнчуктар, балдар кийимдери 2009-жылдын 1-апрелинде (№ 206) кабыл алынган чек арадан өткөрүүдө санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө жата турган товарлардын тизмесине кирген. Бирок Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүдө санитардык-эпидемиологиялык текшерүүнү жүргүзүүчү механизмдер улуттук мыйзамда жок”,-деди Мария Кошубакова.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин адистери республиканын баардык облустарында оюнчуктардын текшеришкен. Алар учурда дагы деле зыяндуу оюнчуктар ташылып келип жатканын танышпайт.
Изилдөө жүргүзүү үчүн лабораториялык база жок болсо дагы стриол, фенол, формальдегид барбы же жокпу, оюнчуктарды жууса болобу, алар шилекейге жана терге туруштук береби изилдеп көрүшкөн, натыйжада 3 жашка чейинки балдарга берилчү оюнчуктар жогоруда аталган талаптардын бирине дагы жооп бербестиги аныкталган.
“Эң алгач эле оюнчуктарды сатыктан алып салуу керек деген ой келет! Бирок товарларды текшерип, аларды сатыктан алып, жок кылуу механизмдери мыйзамда толугу менен жазылган эмес. “Сатып алуучунун укугу тууралуу ” мыйзамдын 9-беренесине ылайык, сатып алуучу товар тууралуу баардык маалыматтарды алууга укуктуу. Бул маалымат стандарттарга жооп берип, кыргыз жана орус тилинде болушу керек. Керек болгон учурда чет тилде дагы. Ал эми практикада болсо оюнчуктарда маалымат айрым учурларда гана орусча жазылбаса көпчүлүк оюнчуктарда кыргыз тилиндеги маалымат жок”,-деди Мониторинг боюнча жумушу топтун мүчөсү Наталья Богатова.
Балким сертификаты жок оюнчуктарды сатууга тыюу салуу керек? Бирок мониторингдин башка катышуучусу Вера Савочкина сертификаттарын сураган учурда айрым дүкөндөрдө ал жок болуп чыккан, кээ бирлери көргөзүүдөн баш тартышкан.
Эксперт Татьяна Третьякова мониторинг боюнча жумушчу топтун мүчөлөрүнүн КРнын Өкмөтүнө болгон сунушун айтты:
1) Калк арасында балдардын оюнчуктарынын коопсуздугуна арналган маалыматтык кампания жүргүзүү, кызыкдар тараптарды тартуу;
2) Улуттук рынокко зыяндуу заттар бар оюнчуктарды киргизбөө;
3) Калктын экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу нормаларын жана эрежелерин бекитүү;
4) Курамында химиялык заттар бар оюнчуктарды сатыктан алуу жана аларды жок кылууну камсыз кылуу;
5) Оюнчуктарды текшерүү үчүн лабораториялык база менен камсыз кылуу;
6) Базарга алынып келинген ата мекендик жана чет өлкөлүк өндүрүүчүлөрдүн оюнчуктарын текшерүү;
7) Көзөмөлгө алынбаган базарларда оюнчуктарды сатууга тыюу салуу, оюнчуктарды атайын дүкөндөрдө сатууга уруксат берип, тиешелүү шарттарды түзүү.
Ошондой эле экологиялык коопсуздук укугу адамдардын конституциялык укуктары аркылуу корголушу керектигин дагы унутпашыбыз керек. Чоңдор балдардын зыянсыз оюнчуктар менен ойноосун камсыз кылуулары керек.
Ирина Байрамукова