Фестиваль жылдагыдай эле Бишкек шаарында өтүп, Ысык-Көлдүн жээгинде жыйынтыкталат. Анда кыргызстандык жана чет мамлекеттерден келген кол өнөрчүлөрдүн нукура буюмдарынын жарманкеси уюштурулат.
Ошондой эле, катышуучулар атайын мастер-класстарды, түрдүү акцияларды жана сынактарды өткөрөт.
Иш-чарага Кыргызстандын, Индиянын, Ооганстандын, Орусиянын жана Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнүн 150дөн ашык кол өнөрчүлөр катышат.
Эске сала кетсек, «Оймо» эл аралык фестивалы быйыл 12-жолу өткөрүлөт.