АКШдагы жана Канададагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу элчиси Кадыр Токтогулов Оттава шаарына (Канада) иш-сапар менен барды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Иш-сапарынын алкагында Токтогулов Канаданын расмий өкүлдөрү менен кыргыз-канада кызматташтыгы тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Токтогулов Канаданын эл аралык соода министринин орун басары Тимоти Сарджент менен жолугушуу учурунда Кыргызстан менен Канаданын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызыкчылык бар экенин белгиледи. Аны менен катар эле элчи канада тараптын көңүлүн эки өлкөнүн экономикалык мамилелери тоо кен өнөр-жайы менен гана чектелип калбашы керектигин билдирди.
Канаданын ТИМинин Чыгыш Европа жана Евразия иштери боюнча башкы директору Элисон Леклер менен жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-канада кызматташтыгынын баардык тармактарын өнүктүрүү, кеңейтүү керектигине токтолушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Канаданын ТИМинин өкүлү Кыргызстан президенттик шайлоону ачык жана эркин өткөрүп алгандыгы менен куттуктап, демократиянын жана парламентаризмдин жолунда Кыргызстанды өнүктүрүү маанилүү экенин белгиледи. Жолугушуунун натыйжасында эки өлкө ортосундагы кызматташтыты активдештирүү тууралуу сүйлөшүү болду.