Акыркы убактарда аэропорт темасы жана Кыргызстандын Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) “кара тизмесинен” чыгуу ММКларда кызуу талкууланууда. Ата мекендик флот жүргүнчүлөрдү ташууда эл аралык стандарттарга жооп бербейт.
Жакында эле Ош-Стамбул-Ош каттамын калыбына келтирүү тууралуу маселе козголду. Бирок…
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы жарандык авиация агенттиги Ош-Стамбул-Ош каттамын ачуу боюнча төмөнкүлөрдү билдирди: 2017-жылдын жайында Жарандык авиация агенттиги Кыргыз Республикасынын жана Түркиянын аивакомпанияларына арыз жөнөтүп, Ош-Стамбул-Ош каттамын калыбына келтирүү маселесин көтөргөн. Авиакомпаниялар аталган каттамды ачуу пайдасыз экендиги жазылган жооп беришкен. Ошондуктан Жарандык авиация агенттигинде коррупциялык иштер бар деп айтуу туура эмес.
Белгилүү болгондой, Ош-Стамбул-Ош каттамын калыбына келтирүү маселесин депутат Болотбек Ибраимжанов («Республика–Ата-Журт») тарабынан 2017-жылдыг 19-декабрында комитет жыйынында көтөрүлгөн. Эл өкүлү аталган агенттикте коррупциялык схемалар бар экенин айткан болчу.
Учурда КРнын Транспорт министрлиги Ош-Стамбул-Ош каттамын Авиатрафик авиакомпаниясы менен бирге ачуу маселесинин үстүндө иштөөдө.
Эске сала кетсек, түштүтөн учуу жыл сайын ажылык сапарга баруу учурунда көбөйөт. Түркияга ишкерлер жана туристтер дагы көп учушат, бирок азырынча КРдан Түркияга эс алууга кеткендердин саны аз.