«Жапалак» унаа базарынын айланасында башаламан токтотулган унаалар ирээтке келтирилет. Бул тууралуу Оштун биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров жетекчилик кылган жумушчу топ унаа базарына барганда белгилүү болду.
Жумушчу топтун курамына шаар мэриясынын тиешелүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, унаа токтотуучу жайлар бөлүмүнүн, Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгынын, «Жапалак» унаа базарынын өкүлдөрү кирген.
“Батыш кичи районунун, Кеңеш жана Араван айылдарынын тургундарынын кайрылуусуна ылайык, дем алыш күндөрү Ош-араван унаа жолундагы “Жапалак” унаа базарынын аймагында унаалар башаламан токтотулуп, унаалардын өтүүсүнө бир топ тоскоолдуктар жаралат. Жарандардын кайрылуусунун негизинде Ош шаарынын мэриясы тарабынан жумушчу топ түзүлгөн. Ал бул маселени жөнгө салмакчы. Дем алыш күндөрү унаа базарында унаалар көп болуп баштаган маалда тиешелүү органдар тарабынан жөнгө салуу иш-чаралары жүрүп турмакчы.
Биздин негизги милдет – шаардыктар үчүн шарттарды түзүп берүү жана унаа ээлери тарабынан мыйзамдын аткарылуусун камсыз кылуу. Мындан сырткары, абалды жөнгө салуу менен “Жапалак” унаа базарынан кошумча каражаттар түшүп баштайт” ‚-деди Аскаров
Натыйжада тиешелүү кызматтардын жетекчилерине жолдун сол тарабын унаалардан тазалап, унаа токтотконго боло турган жерлерге тиешелүү белгилерди орнотууга тапшырма берилди.