Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев борбордук базарда жана кичи базарларда сатылып жаткан уйдун жана койдун эти 330 сом болуп жаткандыгын, бул кымбат экендигин айтып, шаардыктардын капчыгына оор деп билдирди.
Эттин баасын арзандатуу, так эсебин чыгаруу максатында тийиштүү кызматтардан жана Ош шаары КРнын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаардык бөлүмүнөн түзүлгөн атайын комиссия түзүлүп, текшерүүгө алынат.
Белгилей кетсек, азыркы учурда бир килограммга болгон уй этинин дүң баасы 290 сом, ал эми чекене баасы 330 сомду түзөт.