Ошто текшерүүнүн натыйжасында 21 ишкана Бажы биримдигинин техникалык регламенттерин жана санитарлык-гигиеналык нормаларды бузганы үчүн 79 миң сом айып пул салынды.
Ош шаарынын ооруларды алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан 2017-жылы 974 ишканада пландык текшерүүлөр жүргүзүлгөн.
Алардын ичинен 630 мекемеде санитардык-гигиеналык талаптар сакталбаганы белгилүү болуп, 186сына административдик чаралар көрүлгөн.
Айып пулдардын жалпы көлөмү 750 миң сомду түзүп, 48 ишкананын иши убактылуу токтотулса, 21 мекеме жабылган.
Жарандардын арызы боюнча 33 мекеме текшерилип, 28 ишканада талаптар бузулганы аныкталып, административдик чаралар көрүлгөн.
Былтыр Ошто колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен 1 тонна 40 кг азык-түлүк тартып алынган. Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте ал азыктар жок кылынган.