Бул калаанын качан пайда болгону тууралуу так маалымат жок. Жазууларда ага миңдеген жылдар болгону айтылса, археологиялык табылгалар 3 миң жыл мурунку тарыхты айтып келишет. Ал эми 3017 жыл болгону байыркы Кытайдын тарыхындагы Ош тууралуу маалыматтардын натыйжасы менен белгилүү болуп келет.
Кыска убакыттын ичинде эле бул шаар тез өнүгө баштады, жаңы ишканалар ачылып, жумуш орундары түзүлдү. Ош мэриясы жакынкы убакытта шаардын соода потенциалын күчөтүүнү пландап жатканын билдирди.
Ошондуктан чакан жана орто бизнес активдүү өнүгүп, жаңы ишканалар курулууда. Шаар башчысынын айтымында, учурда Ош шаарынын жана Ош облусунун негизги перспективдүү багыты кызмат көрсөтүү, курулуш жана кайра иштетүү өнөр-жайы. Ошондой эле шаардын өнүгүүсүнө башка өлкөлөр менен болгон мамиле дагы чоң таасир берет. Курулуш материалдарын, турмуш-тиричилик техникаларын чыгаруу боюнча биргелешкен өнөр-жайлар курулган.
Ош облусундагы орточо маяна биринчи жарым жылдыкта 9598 сомду түздү. Учурда калктын экономикалык абалы жакшырууда. Эл аралык донордук уюмдар менен бирге калкты таза суу менен камсыз кылуу, канализация системасын жакшыртуу, коомдук транспорт системасын өнүктүрүү маселелери чечилип келет.
“Ош” эл аралык аэропортунун директору Талантбек Ысаков Ош шаары Улуу жибек жолунун тарыхында маанилүү роль ойнорун билдирди. Анын айтымында, жыл өткөн сайын бул аэропорт аркылуу эл аралык каттам менен учкандардын саны көбөйүүдө. Ал эми Ош болсо туристтик хабга айланууда.
Ошту Сулайман-Тоосуз элестетүү мүмкүн эмес. Борбор Азиядагы эң ыйык жана касиеттүү жерлердин бири болуп саналып, экинчи Мекке атка конгон Сулайман-Тоого денесин жана жандүйнөсүн тазалоо үчүн каттаган зыяратчылардын аягы үзүлбөйт. Ош тарыхый-этнографиялык музейинен материалдык дүйнөнүн таш доорунан тарта азыркы заманга чейинки өнүгүшүн чагылдырган экспонаттар менен таберик буюмдарды көрөбүз”.-деди президент Алмазбек Атамбаев куттуктоо сөзүндө.
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Оштун 3017-жылдыгына келген чет элдик конокторду кабыл алды.
Ал эми түштүктөгү борбордун коноктору «Ош Агро-2017» деп аталган айыл-чарба техникасынын көргөзмө-жарманкесине, ошондой эле “Күз берекеси” деп аталган айыл-чарба өнүмдөрүнүн жарманкесине күбө болушту. Чет жактан келгендер айыл-чарба өнүмдөрүнүн түрүн көрүп таң калганын жашырышкан жок. Салмагы 27–30 кг болгон ашкабактар чет элидктердин кызыгуусун арттырып турду. Бул ашкабактарды Ноокат районунун Караташ айылынын тургуну Бекмурат Баатыров орусиядан алып келген үрөндөн өстүргөн. Дыйкан азырынча 9 чоң ашкабак алган, келерки жылы мындан да көп түшүм алууга бел байлоодо.
Көргөзмөлөргө келген жашоочулардын майрамдык маанайы мыкты болуп, музыкалык-спорттук иш-чараларга күбө болушту.
Майрам борбордук стадиондогу чоң коцерт менен аяктады.
Ирина Байрамукова