Ош облусунун Араван районунда «Курулуш Материалдардын Түштүк Комбинаты» (КМТК) ЖЧК цемент заводунун курулушу жүрүп жатат. Аталган курулуштун жүрүшү менен өкмөт башчы Сапар Исаков үстүбүздөгү жылдын 17-мартындагы ОШ облусундагы иш сапарынын алкагында таанышты.
Премьер-министрге бүгүнкү күндө дээрлик бардык курулуш жана монтаждоо иштери жыйынтыкталганы тууралуу маалымат берилди.
Үстүбүздөгү жылдын май айында ишкана баштапкы сыноолорду өткөрүүнү жана июнь айында завод продукциясынын биринчи партиясын чыгарууну пландоодо.
Премьер-министр мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик ушул сыяктуу ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда тийиштүү колдоо көрсөтүп туруусу керектигин белгиледи.
Өкмөт башчы алдыда белгиленген завод региондо эле эмес, республика боюнча лидер болооруна ишеним артып жатканын билдирди.
Маалымат иретинде:
Араван районундагы «КМТК» ЖЧК үчүн жаңы клинкердик өндүрүштүк линиясын куруу долбоорунун ишке кирүүсү менен ишканадагы жалпы жумушчу орундар 500гө жетет. Андан сырткары республиканын бюджетине түшүүчү салык 3,6 эсеге (жылына 468 млн. сомго жакын) жогорулашы күтүлүүдө.