• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

“Ош облусун интеграциялык өнүктүрүү” долбоору ишке ашат

👁 1,013

Кыргыз Республикасында “Ош облусун интеграциялык өнүктүрүү” долбоору ишке ашырыла баштады. Ага Орусия 3,5 млн доллар каражат бөлгөн.

Учурда КРнын Ош облусундагы абал саясий жана экономикалык жактан чыңалып турганы айтылып келет.

КРнын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, Ош облусунда жакырчылык күч алып, 28,9%га жеткен, ал эми жумушсуздук 6%. Аны менен катар эле аймакта агрардык тармакта өндүрүш эффективдүү болбой, айыл-чарба техникасы эскиргени, тажрыйбалуу адистердин жетишсиздиги, маркетинг кызматтарынын абалы төмөндүгү, кайра иштетүү үчүн өндүрүштүн жок экендиги белгилүү болгон. Учурда айылдарды суу менен камсыз кылуу начар экени айтылып, суу менен камсыз болуу 52%ды гана түзүүдө, ал эми айылдардын 21%ында суу системасы такыр эле жок. Ирригациялык системалардын суу өткөрүү мүмкүнчүлүгү болсо орточо эсеп менен 25%га азайган!

“Ички жана тышкы миграциянын көрсөткүчү жогору, тажрыйбалуу адистердин иш издеп кетүүсүнөн улам тажрыйбалуу жумушчу күч жокко эсе. Бул социалдык конфликттин пайда болуусуна алып келет”,-деп билдирди Ош облусунун жетекчилиги.

“Адамдарды өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү керек. Ал үчүн облус калкынын жакырчылыгын жоюп, ага багытталган чараларды кабыл алуу керек. Орусиянын трасттык фондунун финансылык колдоосунун натыйжасында 2016-жылдан тарта Ош облусунун райондорунун социалдык-экономикалык абалы боюнча анализ жүргүзүлгөн. Анда райондордун өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү, артыкчылыктары аныкталган. 30 айылдын ичинен 17си конфликт потенциалы жогору экени аныкталган. Алар: «Зулпуев», «Исанов», «Көк-Бел», «Жаңы-Ноокат», « Найман», «Ынтымак», « Кароол», «Төрт- Көл», «Баш-Дөбө», «Ийри-Суу», «Колдук», «Жалпак-Таш», «Капчыгай», «Кызыл-Жар», «Сары-Булак», «Алайкуу» айыл аймактыр жана Өзгөн шаары”,-деди КРнын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аймактык өнүгүү бөлүмүнүн адиси Эмилбек Шадыханов.

Учурда Ош облусунун 3 районунда: Кара-Кулжада, Ноокатта жана Өзгөндө калктын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен байланышы күчөтүлүп, жергиликтүү туруктуу өнүктүрүү пландары иштелип чыгууда. Ошондой эле ар бир пилоттук айылда жергиликтүү өнүктүрүү комитеттери түзүлүп, алар жергиликтүү калктын катышуусунда баардык процесстердин ачык-айкын болуусун көзөмөлдөшүүдө.

“Өнүктүрүү программасы 1700дөн ашуун жергиликтүү тургундарды чогулткан, алардын 680и аялдар. Талап болгон нерселерди аныктоодо 1192 адам катышкан, алардын 900ү аялдар. Айылдык кеңештин депутаттарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин, активисттердин жана лидерлердин катышуусунда биргелешкен иштердин пландары иштелип чыккан. Анда бул программанын Туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясына интеграция болуусу да каралган”,-деди ПРООНдун программалар боюнча лидери Нурия Чойбаева.

Ош облусун комплекстүү өнүктүрүү программасы төмөнкү чараларды камтыйт:

- жумушчу орундарды түзүү, айыл-чарбаны, туризмди, сооданы өнүктүрүү жана “жашыл” технологияларды киргизүү

–айылдарды суу менен камсыз кылуу системасын оңдоо, анын ичинде сууну үнөмдөөчү технологияларды колдонуу;

–социалдык-экономикалык инфраструктураны оңдоо;

–профессионалдык-техникалык билимди жогорулатуу аркылуу калкты жумуш менен камсыз кылуу;

–жаратылыш кырсыктарына каршы турууну күчөтүү;

–эмгек рыногунун жана жумуш менен камсыз кылуу сценарийин түзүү.

Бул иштерди ишке ашыруу 2019-жылга пландалган.

Учурда бул багыттар боюнча олуттуу иштер жасалууда.

Биринчиден, Ош облусундагы 3 айылда мал чарбачылыгын өнүктүрүүдө, жана инновациялык технологияларды колдонуу менен “Жашыл экономика” принциптери менен жашылча-жемиштерди кайра иштетүү үчүн 150 каржылоо болгон. Бул иштер ПРООНдун демилгеси менен “Жашыл айыл” долборунун алкагында болууда. Күндүн нуру менен суу жылыткычтарды, всетодиоддук жарыктандырууну, гидратарандар аркылуу суу берүү, күндүн нуру менен кактарды кургатуу, биогаз жабдууларын орнотуу жана башка иштер.

Экинчиден, ишкерликти колдоо багытында иштер жүрүүдө. Анын алкагында ЖККУ, GIZ, кыргыз-орус өнүктүрүү фонду, Инвестиция жана экспорт боюнча мамлекеттик агенттиктер менен иш алпарылууда.

Үчүнчүдөн, жайыттарды туруктуу өнүктүрүү иштери жүрүүдө. ПРООНдун Суусамыр аймагында жайыттарды жакшыртуу үчүн жайыт комитеттеринин түзүлгөнү мисал катары болууда.

Төртүнчүдөн, суунун сапатын жакшыртуу үчүн тестирлөө иштери жүрүүдө.

Бешинчиден, Ош облусунда билими барларды жумушка орноштуруу боюнча жүргүзүлгөн иштер боюнча жыйынтык чыгарылууда. Бул иштер орусиялык эксперт Дмитрий Григоревдин жардамы менен жүргүзүлдү. Ошондой эле кесиптик лицейлердин ролу аныкталып, Ош облусу боюнча кесиптик билим алуунун абалы канааттандырарлык деп табылды.

“Келечектин пайдубалы бүгүн түптөлөт. Ал үчүн калктын жашоосун жакшыртуу керек. Учурда көп иштер жасалууда. Учурда Кара-Кулжа районунда кайра иштетүүчү ишканалар жок. Кайра иштетүү тармагы Ошто гана иштейт. Бул жергиликтүү ишкерлер үчүн пайдалуу эмес” дейт Кара-Кулжа районунун жетекчисинин биринчи орун басары Бекболот Мажитов.

Аны менен Өзгөн районунун Төр-Көл айыл аймагынын башчысы Өзгөнбай Эсенбаев дагы макул экенин билдирди. “Өзгөн районунда дагы кайра иштетүүчү ишканалар жок. Биздин облуска логистикалык борборлор жетишсиз, ошондой эле мал союучу жайлар болсо жакшы болмок”,-деди ал.

“Ош облусунда экологиялык жактан таза органикалык өсүмдүктөр өсөт. Дыйкандарды жана өндүрүшчүлөрдү колдоо керек”,-дейт Ноокат районунун агрардык өнүгүү бөлүмүнүн жетекчиси Мухамедхалил Турдуев.

Учурда түштүктөгү жалгыз ветеринардык лаборатория Орусиянын каржылоосунун натыйжасында оңдолуп, алдыга жылыштар болууда. Облуста адамдардын аң-сезими өзгөрдү. Бул өтө маанилүү. Эгерде 10–15 жыл мурун адамдар салык төлөгүсү келбесе, учурда салыкты чогултуу 120% болгон.

Бул долбоор үч тараптуу: «Орусия — ПРООН- Кыргызстан» кызматташтыктын жемиши.

Ирина Байрамукова

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости