Ал аймактын өнүгүүсү тууралуу айтып жатып, 2016-жылы облуста 59 ишкана ачылганын, бул 334 адамды иш менен камсыз кылууга көмөктөш болгонун белгиледи.
Учурда аймактын жетекчилиги калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу үчүн 2017-жылы дал ушул тармакка көп көңүл бурууну пландоодо.
Биринчи вице-премьер-министр М.Абулгазиевдин айтымында, жашоо шарттарын жакшыртуу зарыл, ал үчүн айылдарда жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары милдеттерин так аткаруусу зарыл.
Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары азырынча абалга эч кандай жардамчы боло алышпайт. Учурда чечимдердин кабыл алуусуна зор таасирин тийгизген жер-жерлерде түзүлгөн коомдордун жана жамааттардын ролу чоң. Мисалы, айылдарда жамааттар түзүлүп, бир көчө принциби менен иш алпарышат.
Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ролу чоң эмес, бирок шайлоонун алдында алардын иши жандана түшөт.
Аймактарда инфраструктуранын өнүгүүсү жеке инвесторлордон, мамлекеттин колдоосунан жана жергиликтүү бюджеттен көз каранды.