• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

«Ош» эл аралык аэропортундагы учуп келүүчүлөр үчүн жаңы залдын ачылды

sab_6092

👁 817

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 17-мартта, Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапарынын алкагында «Ош» эл аралык аэропортундагы учуп келүүчүлөр үчүн жаңы залдын ачылышына катышты.

Премьер-министр мындай инфраструктуралык объектилердин курулушу өлкөнүн өнүгүүсүнүн көрсөткүчү болуп саналат деп билдирди.

«Ош» эл аралык аэропортундагы учуп келүүчүлөр үчүн жаңы зал тийиштүү заманбап жабдуу менен камсыздалган. Ош шаарындагы аэропортту модернизациялоо Өкмөт тарабынан өлкөгө келген чет элдик коноктор жана жарандарыбыз үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана коопсуздукту жогорулатуу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар алкагында жүргүзүлүүдө», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Өкмөт башчы билдиргендей, республиканын аэропортторун өнүктүрүү боюнча келечектеги инфраструктуралык пландар анын жеке көзөмөлүндө турат.

«Аталган тармактын келечеги кең. Кыргыз Республикасынын Борбор Азиядагы ири аймактык авиахаб болуу мүмкүндүгү бар», – деди ал.

Премьер-министр Сапар Исаков «Ош» эл аралык аэропортунун учуп келүүчүлөр үчүн жаңы залын көрүп чыгып, жаңы орнотулган «Электрондук дарбаза» (E-gate) аппараттык-программалык комплексинин иштешин сынап көрдү.

«Манас» Эл аралык аэропорту» ААК башкармалыгынын төрагасы Эмир Чукуев Жалал-Абад жана Баткен шаарларындагы эл аралык аэропортторду өнүктүрүү боюнча коюлган пландар тууралуу маалымат берди.

Жаңы учуп келүү залынын ачылышы «Ош» эл аралык аэропортунун учурдагы аэровокзалдык комплексинин имаратын кеңейтүү эсебинен жүргүзүлгөн. Учуп келүүчүлөр үчүн жаңы зал бир учурда 2–3 авиакаттамды кабыл алууга мүмкүндүк берет, анын жалпы өндүрүштүк аянты 2000 чарчы метрди түзөт. Бүгүнкү күндө кеңейтүү иштеринен соң, аэровокзалдык комплекстин өткөрүү жөндөмдүүлүгү саатына 550–600 жүргүнчүнү түзүүдө.

Мындан тышкары, учурда учуп-конуу тилкесине тийиштүү радиотехникалык жана жарык берүүчү жабдууларды орнотуу менен анын аянтын 400 метрге узартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жыйынтыкталуу алдында турат.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости