Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында “2017-жылдын 13-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Айылдарды таза суу менен жабдууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү” долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 1-окууда каралды.
Аталган маселе боюнча КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Көкөчаров баяндама жасады. Анын маалыматына ылайык, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын каржылоосу менен Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарында тандалып алынган 53 айыл таза суу менен камсыздалып, санитария кызматтарынын жеткиликтүүлүгү жана сапаты жакшыртылат.
Долбоордун наркы 43,2 млн АКШ доллары. Анын ичинде Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын гранты – 16,2 млн АКШ доллары, ал эми насыясы – 19,8 млн АКШ доллары. КР Өкмөтүнүн кошумча каржылоосу – 7,2 млн АКШ доллары. Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын насыя берүү шарттары – насыя 6 жылдык жеңилдетилген мезгил менен 38 жылга берилет, пайыздык чени – 0,75%
Депутаттар Мухтар Айнакулов менен Абылкайыр Узакбаевдин айылдарды таза суу менен камсыздоого жана санитария кызматтарынын сапатын жакшыртууга багытталган бул ратификациялык мыйзам долбоорун жактыруу сунушу комитет мүчөлөрүнүн колдоосуна ээ болду.