15-март саат 8:30 карата Бишкек-Ош жолу жабык. “Сосновка” , “Арал” постторунда унаалар токтоп турат. Ошондой эле Өтмөк ашуусуна бурулган жерде Ошту көздөй бара жаткан унаалар чогулду. Алардын саны 85 жеңил автоунаа жана 210 жүк ташуучу унаа турат. Көчкү толук тазаланып бүтмөйүнчө, жол ачылбайт. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, Жайыл районунун “Сосновка” постунан Талас облусун көздөй бара жаткан унаалар өткөрүлүп, түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
Мындан сырткары, ӨКМдин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунан Көчмө кыймылдуу пункту, ӨКМ Жалал-Абад облустук башкармалыгынан ыкчам топ тартылган. Министр Кубатбек Бороновдун буйругунун негизинде, кар көчкүнүн кесепетин жоюу иш-аракеттерин координациялоо үчүн министрдин орун басары Давлетбек Алимбеков жеринде жүрөт.
Эске салсак, Бишкек-Ош жолунун 246-чакырымында Көчкү-Булак тилкесине түшкөн кар көчкүнү тазалоо иштери улантылып жатат. Ошол себептүү ӨКМ жүргүнчүлөрдү Бишкек-Ош багытында алыс жолго чыкпоого чакырат. Анткени көчкү тазалоо иштер бүтмөйүнчө жол ачылбайт.