• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Ош базарынан алынган бир жылдык салыктын көлөмү 70 млн. сомду түзөт

img_9871

👁 489

Айтылуу Ош базарын кимдер гана билбейт? Дал ушул базардан борбор калаанын кайсы гана бурчуна бара аласың, ошол эле учурда шаардын кайсы гана бурчунан болбосун, бир эле маршруттук багыт менен жете аласың. Айтор, Ош базары бир гана керектөөчүлөрдүн талабын канаттандыруучу очок эмес, бардык маршаруттук унааларды бир күрөө тамырдай бириктирип турат. Ош базарынан башка жактан таппаган буюмдан баштап баарын табууга болот.

Ош базары алгач 1982-жылы түптөлүп, «Ала-Арча-Ош» деп аталган. Кийин 1991-жылы Ош базары болуп кайрадан түзүлгөн. Жалпы аянты 5,4 гектар аянтты ээлеп, 50гө жакын субьект жайгашкан. Ал эми базардагы соода орундарынын саны 1600. Бирок бул сан мындан да көп болушу ыктымал.

Базарда соода кылгандардын төлөгөн салыгы да ар түрдүү. Айтор, ким кандай товар сатса, ошого жараша патентин алып, салыгын төлөйт.

Мамлекеттик салык инспекциясынын Ленин райондук башкармалыгынын жергиликтүү салык жана топтоо боюнча жетекчисинин орун басары Майрамбек Касиевдин берген маалыматына караганда, базарда орун алган ар бир сбуьект ар башка тарифте салык төлөйт. Маселен, тамак-аш, жуучу каражаттар, кийим-кече саткан соодагерлер ар башка суммада төлөшөт. Орточо эсеп бир айга бир орун үчүн соодагерлер 1000 сом төлөйт.

Ош базарынан алынган бир жылдык салыктын көлөмү 70 млн. сомду түзөт.

Ошол эле учурда салыктан качып көмүскө иштеген соодагерлер да жок эмес. Айрыкча бул «жашыруун сыр» аталган базардагы удаа-удаасы менен чыккан өрттө ачыкка чыкты. Товарлары өрттөнүп кеткен учурда өкмөттөн жардам сурап кайрылган соодагерлердин жардам алуу укугу колундагы төлөгөн салыгынан көз каранды болгон.

Маселен, тилсиз жоо каптаган биринчи учурда жабыр тарткан 150 соодагерден арыз түшкөн. Анын ичинен 135и «Сейтек» базарынан жана 15и «Берекет Плюс» базарынан.

Ал эми «Сейтек» ЖЧКсы 2017-жылдын соңунда салык кызматына соодагерлеринин жалпы саны 96 адамды түзөрү тууралуу маалымат берген.

«Тыкыр текшерүүдөн өткөргөн соң 74 ишкердин гана патенти болгондугу аныкталган. Мында реалдуу материалдык зыян тарткандыгын тастыктаган документтер тиркелген эмес. Ошондой эле Социалдык фондго төлөмдөр жүргүзүлгөн эмес», –деп мамлекеттик салык кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.

Расмий маалымат боюнча базарда 7000 адам иштейт. Жыл сайын Ош базардагы жети миң сатуучунун ар бири 80 ижарага берүүчүнүн бирине эле 1,5 миң доллардан көбүрөөк акы төлөйт. Соода комплексинин ижара акысынан гана түшкөн жылдык жалпы киреше 15,5 миллион долларды түзөт.

Базар кожоюндары ижара акысын жогорулатуу туурасында улам сөз козгошкону менен, буга сатуучулар макул эмес. Анткени, базардагы азыркы шарттар көпчүлүк сатуучуларды канааттандырбайт. Ош базарына бери дегенде эле 20 киши ээлик кылат. Аталган соода жайында 88 майда базар орун алган.

Базарда соода кылгандардын бири Самат Карыбеков төрт чарчы метр аянт үчүн айына 12 миң төлөөрүн айтат.

Күнүмдүк тапканыбыз 1500 сомго кээде жетсе, кээде жетпейт. Кошумча банкка ай сайын насыя төлөйм. Анын үстүнө базарга эл мурдагыдай келбей калды. Шаардын ар бир районунда чоң соода борборлору жайнап кетти. Отурган жерибизди жакшы деп айтууга болбойт. Кышында үстүбүздөн суу өтөт”,-деди.
Базар жетекчилигинин маалыматына караганда, жер салыгы жылына 110 932 сомду түзөт. Тазалыкка төлөм жылына 119 169 сом болсо, мүлк салыгы боюнча 352 875 сом төлөшөт. Киреше салыгы ар бир квартал сайын 75 миң сомдон 100 миң сомго чейин болот.

Ошентип Ош базарынан алынган бир жылдык салыктын көлөмү 70 млн. сомду түзөт.

Назгүл БОСТОНБАЕВА

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости