• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

«Ош базардагы» өрттүн чыгымдары 1-майга чейин маалымдалуусу керек

33

👁 1,045

Өкмөттө Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Санжар Муканбетовдун катышуусунда 2018-жылдын 30-январында Бишкек шаарынын «Ош базары» соода-рынок комплексинде орун алган өрттүн натыйжасындагы зыянды баалоо боюнча Комиссиянын кеңешмеси болуп өттү.

Мындан мурда 2018-жылдын 12-февралында Бишкек шаардык мэриясынын Ленин райондук муниципалдык администрациясынын базасындагы Комиссиянын 2018-жылдын 5-февралдагы №1 Протоколун аткаруу иретинде «Ош базары» соода-рынок комплексинин аймагындагы өрттөн жабыркаган ишкерлердин документтери кабыл алынган.

Материалдык зыянды калыбына келтирүү жаатында көмөк көрсөтүү жөнүндө жалпысынан 150 адамдан арыз келип түшкөн, анын ичинен 135и –«Сейтек» базарынын ишкерлери («Сейтек» ЖЧК, директору Тойчубекова Ч. Ю.) жана 15 адамы – «Берекет Плюс» базарынын ишкерлери («Табрис-Мурас» ЖЧК, директору – Канжанов Н. Ж.).

Белгилей кетсек, Ленин райондук Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын сурамасы боюнча 2017-жылдын декабрь айынын соңунда «Сейтек» ЖЧК соодагерлеринин жалпы саны 96 адамды түзөөрү тууралуу маалымат берген.

МСК ар-бир ишкердин патентин тыкыр текшерүүдөн өткөрүүсүнөн соң, 74 ишкердин гана патенти болгондугу аныкталган. Мында реалдуу материалдык зыян тарткандыгын тастыктаган документтер тиркелген эмес. Ошондой эле Социалдык Фондго төлөмдөр жүргүзүлгөн эмес (2017-жылы).

74 ишкердин 32синин банктагы кредиттери бар жана суммасы 50 миң сомдон 2,1 млн.сомго дейре жетет. Жалпы суммасы 16 984 306 сомду түзөт.

Белгилей кетүүчү нерсе, 2018-жылдын 1-февралындагы №75 «Ош базары» соода-рынок комплексинин аймагындагы өрттүн натыйжасында жабыркаган КР ишкерлерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө» КР Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, 11-пунктта көрсөтүлгөндөй, эгерде арыз берүүчүү Комиссия тууралуу Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди, тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын ишкердүүлүк субьектилерин каттоо жөнүндө күбөлүктү жана келтирилген зыян тууралуу тастыктаган документтерди тапшырбаса, арыз берүүчүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүлбөйт.
Кыргызстандын экономика министринин орун басары Элдар Абакировдун маалыматы угулуп жана талкууланган соң өрттөн жабыркаган ишкердүүлүк субьектилеринин тизмесин 74 субъекти иретинде бекитүү чечими кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен биргеликте бир жумалык мөөнөттө бекитилген тизмеге ылайык, соодагердин иштеген учурунан тарта 6 айга патент үчүн төлөмдү узартуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына сунуш киргизүүсү тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жана «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасына мыйзам аркылуу бекитилген тартипте өрттүн натыйжасында жабыркаган имараттарды калыбына келтирүү үчүн документтерди кароону тездетүүдө көмөк көрсөтүүсү тапшырылды.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына соода-рынок комплекстеринин жетекчилерине өрткө каршы режимди көзөмөлдөөнү жүргүзүү үчүн обьекттин өрттөн куткаруу командаларын түзүүнү, ошондой эле кызматкерлерди өзгөчө кырдаалдарда аракеттенүүгө окутууну сунуштосу тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жана финансы-кредиттик уюмдарга (макулдашуу боюнча) Комиссия аркылуу бекитилген тизмеге киргизилген жабыркаган ишкер субьектилеринин кредиттик карыздарын реструктуризациялоо жүргүзүүсү жана Экономика министрлигине жана Бишкек шаарынын мэриясына 2018-жылдын 1-майына дейре маалымдоосу сунушталды.

Ошондой эле ишкер субьектилерине мүлктү өрттөн жана башка коркунучтардан өз учурунда камсыздоосу туурасында пикир айтылды.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости