• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Орусиялыктар кыргыз азыктарынын сапатына нааразы.

syir

👁 641

Мамлекеттик ветеринардык инспекциясынын жетекчиси Калысбек Жумаканов орусиялыктар “Аксүт” жана “Үмүт и Ко” компанияларынын сүт азыктарынын сапатына нааразы болуп жатышканын билдирди.

К.Жумаканов билдиргендей, жакында эле мекемеге бул компаниялардын сүтүнүн жана каймагынын сапатына нааразычылык арыздары келип түшкөнүн билдирди. Буга байланыштуу Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясы бул компаниялардын азыгын текшерүүнү күчөттү.

“Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү болгондон тартып сүт азыктарына экспорттоо 4 эсе өскөн. Эгерде мурун болгону 5 миң тонна сүт азыктарын экспорттоп келсек, учурда 22 тонна сүт экспорттоодобуз”,- деди ал.

Бул жылы 175 млн сомго лаборатория курууга тендер жарыяланат. Тендерди Мамлекеттик курулуш өткөрөт.

174 млн сом 4 облуска 4 лаборатория курууга сарпталмакчы. Ош жана Бишкек шаарларында 2 лаборатория оңдоодон өттү. Жылдын акырына чейин дагы 19 лаборатория оңдоодон өтүп, өз ишин башташы керек.

Бул компаниялардын азыктары чындыгында эле сапаты жагынан алдыга чыга албайбы?

ЭКОНОМИКА ата мекендик колдонуучулар арасында сурамжылоо өткөрдү.

Айжан 27 жаш, үй кожейкеси:

Мен “Веселый молочник” сатып алам. Бир нече жолу “Үмүт” сүтүн сатып алсам сапаты өтө начар экен. Даамы да жаккан жок.

Касиет 33 жаш, экономист:

Мен “Үмүттүн” дагы “Аксүттүн” дагы азыгын сатып албайм. «Веселый молочник» алам, жакындан бери «Шоро» компаниясынын сүт азыктарын сатып ала баштадым.

Марина Игоревна 68 жаш, пенсионер:

Эң арзанын сатып алам. Үйүбүздүн алдына үйдүн сүтүн сатып келишет, ошону алам. Ал арзан дагы, даамдуу дагы.

Азат 18 жаш, студент:

Мен сүт ичпейм. Кээде йогурт алам, ал кайсы компанияныкы экенин деле билбейм. Кызыкпаптырмын.

Айнура 30 жаш, менеджер:

Мага “Үмүт” жагат. Алардын сүтү жакшы. Дайыма сатып алам.

5 адамдын бирөө гана “Үмүт” азыктарын сатып алат экен. Жада калса биздин жарандар бул азыкты тандашпаса, демек “Үмүттүн” жана “Аксүттүн” жетекчилери иштеши керек экен. Өзүбүздүн рынокту багындыра албасак, ЕАЭБдин миллиарддык рыногун кантип багынтабыз?

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости