Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов бүгүн, 15-декабрда, 6-кыргыз-россиялык аймак аралык конференцияга катышуу алкагында Орусиянын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Аркадий Дворкович менен жолугушту.
“Евразиялык интеграция кыргыз-орус тышкы экономикалык байланыштын өнүгүүсүнүн негизи” деп аталган пленардык жыйын КРнын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин сөздөрү менен башталганын, аны кыргыз тараптан вице-премьер-министр Т. Абдыгулов, Орусия тараптан Өкмөттүн төрагасынын орун басары Аркадий Дворкович окуп беришти.
КРнын Экономика министри Артем Новиков Кыргыз Республикасы менен Орусиянын ортосундагы аймактар аралык кызматташтык кыргыз-орус мамилелеринин инвестициялоык тармагында маанилүү экенин билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулады.
Аймактык деңгээлде экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы товар айланууну жогорулатуу механизмдериyин бири болуп саналат.
«Бүгүнкү күндө биздин өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык динамикалуу түрдө өнүгүүдө. Алсак, үстүбүздөгү жылдын 9 айында Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы ортосундагы товар жүгүртүү болжол менен 1 млрд АКШ долларын түздү, бул өткөн жылкы көрсөткүчтөрдөн 300 млн АКШ долларына жогору. Мындан ары карай дагы өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү жогорулатуу үчүн аракеттенүү зарыл», – деди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдыгулов.
Өз кезегинде Аркадий Дворкович россиялык тарап Кыргыз Республикасынан продукция ташуунун жогорулатылышына кызыкдар экендигин белгиледи.
Жакынкы арада Рос айыл чарба көзөмөл кыргыз айыл-чарба өнүмдөрүн тийиштүү реестрге киргизүү тууралуу ишти жүргүзөт. Бул лабораториялык жабдууларга да тийиштүү.
“Биз өткөн жылдары жана айларда өткөрүү пункттары жана лабораториялар, ошондой эле жалпы экономикалык мейкиндиктин башка элементтери боюнча жетишилген бардык келишимдерди ишке ашырууну улантабыз. Биз бул маселенин чечилишин создуктурбайбыз», – деп белгиледи Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары.
Учурда 42 ишкананы тизмеге киргиpүү каралып жатканы белгилүү болду.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 12 айында Орусияга сүт азыктарын экспорттоо 1,7 эсеге, жемиштерди жана жаңгактарды экспорттоо – 2,3 эсеге, кийимдерди жана трикотаж кездемелерди эскпорттоо – 2,5 эсеге, бут кийим экспорттоо – 2,4 эсеге, айнек жана андан жасалган буюмдарды эскпорттоо – 2,4 эсеге жогорулаган.
Учурда «Made in Kyrgyzstan» бренди Орусияда белгилүү боло баштады жана Кыргызстанда чыгарылган өнүмдөр мыкты бааларга татыктуу болууда.
Жеңил өнөр-жайы менен катар эле айыл-чарба тармагынын потенциалы жогору – өнөр-жай кооперациясы. Бул тармактардын баары ЕАЭБдин алкагында кызматташуунун локомотиви болушу керек. Кыргызстан органикалык өнүм чыгарууга өзгөчө көңүл бурат жана бул кызмактташтыктын маанилүүү багыты болушу керек.
ЕАЭБдин түзүлүшү менен биз кыска ойлонбой келечекке кадам таштообуз керек. Кыргызстан орусиялык бизнеске көмөк көрсөтүп, биргеликте иштешүүгө даяр. Курулуш материалдарын чыгаруу, фармацевттик тармак, минералдык жер семирткичтерди чыгаруу боюнча биргелешип иштөөгө кызыкдарбыз.
Орусия чыгарган өнүмдөр Кыргызстандын аймагында маанилүү роль ойнойт жана суроо-талапка ээ деп айта алам. Биздин эл жана ишкерлер сапаты жогору болгон Орусиянын өнүмдөрүн сатып алууга кызыкдар.
Учурда Кыргызстанда “Таза коом” улуттук программасын ишке ашырууда жана санарип долбоорунун алкагында биргелешкен долбоорлоду ишке ашырса болот.
Министр А. Новиков Кыргызстанда IT билим берүү активдүү өнүгүп жатканын белгиледи.