• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Орусияга кирерде кара тизмеге түшпөөнүн жолу

man-taking-a-photo-with-nikon-camera-880x587

👁 689

Ким “кара тизмеге” түшүп калуусу мүмкүн жана бул эмнени билдирет? Бул суроону Орусияга иштегени кетип жаткан ар бир жаран өзүнө берүүсү керек.

2013-жылдын акырында Орусиянын Федералдык миграция кызматы (ФМС) биринчи жолу “кара тизмени” жарыялады. Көпчулүк кыргызстандыктар үчүн бул жаңылык күтүүсүз болду, өзгөчө аэропорттон ФМС тосуп алып, кайрадан артка жөнөтүлгөндөр үчүн.

Алгач ага КРнын 32 000 жаранынын фамилиясы киргизилген. Ал эми бул жылы алардын саны 60 000ге жетти. Негизги себеп – биздин мекендештердин Орусиянын миграциялык мыйзамдарынын бузуусу.

Бүгүнкү күнү Ошто Миграциялык борбор иштейт, ал жерден ар бир жаран өзүнүн “кара тизмеде” бар же жок экенин текшере алат.

Мындан сырткары ФМСтин расмий сайтынан ар бир жаран атайын форманы толтуруу менен тизмеде бар же жок экенин билсе болот.

Жалпылап алганда Орусияга кирүүгө төмөнкү учурларда тыюу салынат:

Административдик мыйзамды бузганда 3 жылга;

Андан дагы оор кылмыштарды кылса.

В целом же, въезд на территорию России запрещается за:

Учурда 18 000 адам Орусияда иштөө мүмкүнчүлүгүн алган жана жумушчу топ сүйлөшүү жүргүзгөн соң дагы 1000 киши жогорку тизмеден чыгарылган.

Мындай кадам бир нече себептерге байланыштуу жасалган. Эгер ал ЖОЖдун студенти болсо, Орусиянын жаранынын жубай же жолдошу болсо жана аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн балдары үчүн уруксат алынган.

Ал эми башка мыйзам бузуулар боюнча ФМС катуу көзөмөл жүргүзүүдө. Мунун негизги себептери өз учурунда каттоого турбай, миграциялык кызматтан билдирмени узартпоо. Жумушка патент алууда эрежелерди сактабоо. Бул Орусиянын аймагында жүргөн бардык чет элдиктерге тиешелүү.

Биздин мекендештерибиздин катачылыгы бул ишенчээктиги. Орусияга келгенде алар документтерди үчүнчү жактардан алууну каалашат. Мындай документтер көбүнчө жасалма болуп чыгып, ФМС мыйзам бузуучуларды бат эле аныктап алат.

Ал эми айрымдары бир жолу “кара тизмеге” түшүп, кайрадан фамилиясын же атын өзгөртүп мыйзамды тебелешүүдө. Мурун тизмеге кирген 20 000 мекендешибиз жогорудагыдай иштерди жасап, кайрадан кармалышкан.

Эми Орусияга кирүү процесси бир топ татаалдаштырылган. Фамилиясын өзгөртсө дагы эмгек мигранты ИНН (салык төлөөчүнүн идентификациялык номери) көрсөтүп, бармак изин калтырат. Кайрадан “кара тизмеге” түшкөн жарандар административдик гана эмес кылмыш жазасына дагы тартылышы мүмкүн.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости