Борбордук Азия мамлекеттеринин ичинен физикалык жактардын каражат которуусу боюнча Өзбекстанга акча которуу 14%га, Тажикстанга акча которуу 15%га кыскарган.
Ал эми кыргызстандыктар болсо тескерисинче мекенине көп каражат которушкан, акча которуулардын саны 21%га өскөн.
Өзбекстанга 2 млрд. 13 млн. доллар которулса, Тажикстанга 1 млрд. 432 млн. доллар которулган.
Үстүбүздөгү жылдын 9 айында Кыргызстанга 1 млрд. 286 млн. доллар которулган.
Бул көрсөткүч бир нече фактор тууралуу кабар берет. Биринчиден кыргызстандыктар үчүн жумушчу орундун көбөйгөнү, экинчиден эмгек акысынын шарттарынын жакшырышы.
Эмнеси болсо дагы эмгек мигранттары которгон каражаттар бюджетти толтуруп, биздин өлкөнүн жарандарынын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн арттырат.
Расмий түрдө которулган акчалар эле 1 миллиарддан ашып жатат, ал эми башка жолдор менен канча акча келип жатканын элестетип коелу. Мигранттар которгон акчага кыймылсыз мүлктөрдү сатып алуу да жогорулаган.