• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Орусияда окуучулар түшкү тамакты 36% үстөк менен гана сатып ала алышкан

👁 665

Омск шаарындагы №8 мектепте окуучулар түшкү тамак үчүн жылдык 36% үстөк менен «Авангард» банкынын насыя картасы аркылуу гана акча төлөй алышкан. Ата-энеси банк менен келишим түзбөгөн окуучулар (жалпы окуучулардын 40%) мектеп ашканасынан тамак-аш сатып алуу укугунан ажырашкан. Бул тууралуу жергиликтүү прокуратура текшерүү иштеринин жыйынтыктарына таянып билдирди.

Төлөм жүргүзүүнүн мындай формасы жалпы мектептин ата-энелер чогулушунда кабыл алынып, быйыл 1-апрелден тарта иштей баштаган.

«Ата-эненин картасында акча жок болуп калган учурларда банк баланын тамактангандыгы үчүн кеткен акчага кошуп жылдык 36% үстөк алып келген. Бирок банк картасын алуудагы арыздарда мындай шарттар каралган эмес», — деп билдиришти прокуратурадан.

Мекеменин маалыматына караганда, бул макулдашуу келишим эркиндигинин принциптерин бузган. Анткени ата-энелерди банк менен келишим түзүүгө мажбурлашып, баш тарткандарынын балдары мектеп ашканасында тамак ичүү укугунан ажыраган. Ошондой эле окуучулар тамак үчүн башка жол менен акча төлөө мүмкүндүгүнө ээ болбогондуктан, билим берүү тууралуу мыйзам бузулганы белгиленди.

Омск прокуратурасы текшерүүнүн жыйынтыктарын Орусиянын Борбордук банкына жөнөттү. Мектеп дирекциясын мыйзам бузууларды жоюуга милдеттендирген атайын сунуштама жөнөтүлдү.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости