Орусия президенти Владимир Путин өлкөнүн аймагында Кыргызстандын улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрүн таануу сунушун расмий колдоду. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.
Мындай идея Мамдуманын КМШ иштери боюнча комитети тарабынан сунушталып, 5-июлда парламент тиешелүү кайрылууну президентке жөнөткөн. Анда Кыргызстандан барып айдоочу болуп иштегендерге Беларустун айдоочуларына берилгендей укук берүү сунушталган.
Эгер бул сунуш кабыл алынса, анда кыргызстандыктар Орусияда (орус тилинде) сынактарды тапшырбастан эле мекенинде алган документтер менен айдоочу болуп иштөө укугуна ээ болушат.
Бул албетте жакшы жаңылык, бирок “сатылып алынган” айдоочулук күбөлүктөр да күчүндө болору турган иш. Кыргызстандын айдоочулук күбөлүктөрүнө уруксат берүү менен РФ утабы белгисиз, себеби биздикилер унааны кантип айдашары белгилүү эмеспи.
2017-жылдын 1-июнунан тарта «орус тилин тийиштүү деңгээлде билишпейт» деген жүйө менен кыргызстандыктардын Орусияда ал өлкөнүн айдоочулук күбөлүгүсүз жүк унааларды, автобустарды жана таксилерди айдоосуна тыюу салынган.
Депутаттар Кыргызстанда орус тили расмий тил катары пайдаланыларын айтышкан. Песковдун айтымында, Орусия лидери Кыргызстанда орус тили расмий макамга ээ экенин эске алып, бул сунушту колдоду.
2015-жылы августта Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуп, өлкө жарандарына Орусияда иштөө үчүн уруксат кагаздары талап кылынбай калган. Антсе да Орусиянын айрым аймактарында Кыргызстандан барган мигранттардын орусиялык айдоочулук күбөлүктөрү менен да айдоочу болуп иштөөсүнө тыюу салынып келет.
РФдан жумуш издөөдө “сол” жактан алынган жана мыйзамдуу түрдө алынган айдоочулук күбөлүктөр биздин жарандарга кепилдик бере албастыгын айта кетели.