Орусиялык демографтар 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында Орусияга келген мигранттардын саны акыркы 7 жылда биринчи жолу азайган. Келгендердин саны азайып, кеткендердин саны көбөйгөн. Кыска мөөнөттүү миграция боюнча абал өзгөрүүсүз калган.
Кимдер көп калат?
Мигранттардын санынын кыскаруусуна биринчи кезекте кризис, рублдун девальвация болуусу жана маяналардын төмөндөшү себеп болду.
Бирок эксперт мигранттардын санынын кыскаруусун арамалаштыруунун кереги жок дейт.
“Биринчи жарым жылдыктагы көрсөткүч ушундай болду, балким жыл жыйынтыгында баары ордуна келет”,-деди ал.
Украина жарандарынын көчүп келүүчү менен дагы статистика кадимки калыбына келүүсү ыктымал деп санайт демограф.
Айтымында советтер союзундагы мамлекеттердин ичинен мигранттар көп келген өлкөгө кирчү эмес.
Квартиранттар
Узак мөөнөткө келген мигранттардан айырмаланып 9 айга келген, кыска мөөнөтко келген миграция 2010-жылдан тарта тез өзгөргөнүн Орусиянын калк чарбачылыгы жана мамлекеттик кызмат академиясынын социалдык анализ институтунун илимий кызматкери Юлия Флоринская билдирди.
СССРге кирген өлкөлөрдөн келген мигранттардын санынын азаюусу эмгек рыногунун мүмкүнчүлүктөрүнөн көз каранды деп санайт Юлия Флоринская. Себеби санкцияларга байланыштуу бир катар фирмалар жабылып, илимий байланыштар үзүлүп калды.
Демограф Усман Баратов:
“Чындыгында кризис башталганда Орто Азиядан – Өзбекстандан, Тажикстандан келген мигранттардын саны азайган. Учурда көрсөткүч өсүүдө. Украинадан келген эмгек мигранттары азайды. Орусияда дайыма жашоону каалагандар качкын статусун алышат же жарандык алышат. Калган украиналыктар жана Молдовалыктар виза режими жок болгон Европа өлкөлөрүнө кетүүгө аракет кылышууда ”,-деди демограф.
Артыкчылыктары бар класс
Флоринскийдин айтымында, Украинадан келген мигранттардын 50%ы мурда эле Батышка ыктап турушчу. Азыр бул сан жогорулоодо.
Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстандан келген мигранттардын саны кризиске чейин кандай болсо ошол эле бойдон. Себеби алар бир катар артыкчылыктарга ээ.
Орусиянын ИИМинин аткаминерлери мигранттардын агымын азайтууга аракет кылганы менен майнап чыкпай келет. Мындай аракеттердин бири – келишимдин жоктугу үчүн айыппул салуу. Тажиктер менен өзбектер патент алышпаса мыйзамдуу иштей алышпайт, ал эми кыргыздар болсо миграциялык каттоого турса эле болду. Негизинен кыргыздар эмгек келишим менен иштөөсү керек”,-деди Флоринская.
Саны өскөнү менен сапаты начарлоодо
2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна байланыштуу Москвада жана башка шаарларда ири стадиондорду куруу боюна ири долбоорлор иштелип чыгууда. Бирок бул мигранттардын санына таасир берген жок.
Анын айтымында, жумушчулар башка категорияга киришет. Алар кыска убакытка келип, Орусияда жашоону пландашпайт деле. Алар Орусиянын статистикасына кирбей, миграциялык маалыматтарда эле жазылышат.