Тамак кошумчаларынын алдына жамынып алкоголдун бир түрүн сатып жаткандарга карата чара колдонулушу керек.
Мындан сырткары Орусиянын Мамдумасына парфюмердик-косметикалык өнүмгө акциз коюу тууралуу мыйзам долбоору талкууга сунушталат.
2016-жылдын ноябрь айында Орусиянын Финансы министрлиги алкоголдук заттардын арасына долононун тундурмасын киргизүү керектигин билдирген.
Ал эми Кыргызстанда азырынча алкоголдук заттардын акцизине байланышкан мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу маселе жок.